«Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүн-өзү каржылоого өттү

0
2059

2026-жылдан баштап, Президенттин Аппаратынын карамагындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүн-өзү каржылоого өттү. Бул өзгөрүү менен мекеме документтерди жасоо, жарандык абал актыларын каттоо жана паспорт кызматтары үчүн жаңы баа кабыл алды.

Тарифтерди кайра карап чыгуу санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, Калкты тейлөө борборлорун эл аралык стандарттарга ылайык жаңыртуу жана кызматтарды электрондук форматка өткөрүү үчүн зарыл болду.

Бланктар жана жарандык актылар

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк — 45 сом

  • Үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк — 105 сом

  • Өлүм же никени бузуу тууралуу күбөлүк — 58 сом

  • ФИО өзгөртүлгөн учурдагы күбөлүк — 24 сом

Той менен нике каттоо үчүн тарифтер:

  • Үйдөн чыгып каттоо — 4 470 сом

  • Борбордо каттоо — 1 326 сом

  • Бишкек жана Ош шаарларындагы үйлөнүү үйлөрүндө — 2 513 сом

Кайра күбөлүк берүү — 513 сом (+ мамлекеттик төлөм 110 сом)
Актыларга тез арада өзгөртүү киргизүү — 1 627 сом

Улуттук паспорттор

ID-карта (кадастрлык тартипте):

  • Алгачкы алуу — 1 103 сом

  • Алмашуу же жумушсуздар үчүн алуу — 1 868 сом

  • Жоготконду ордуна алуу — 2 068 сом

Чет өлкөлүк паспорт (34 барак, кадимки мөөнөт):

  • Стандарттык алуу/алмашуу — 2 981 сом

  • ФИО өзгөртүлсө — 3 081 сом

  • Жоготконду ордуна алуу — 3 181 сом

“Үч саат” тез кызматтар:

  • ID-карта (алгачкы) — 8 177 сом

  • Чет өлкөлүк паспорт — 10 363 сом

Чет элдиктер үчүн уруксат документтери

  • Убактылуу жашоо уруксаты:

    • КМШ жана ЕАЭБ жарандары — 4 547 сом

    • Башка өлкөлөр — 12 557 сом

  • Туруктуу жашоого уруксат алуу :

    • КМШ жана ЕАЭБ — 5 047 сом

    • Башка өлкөлөр — 17 577 сом

  • Чет өлкөлүк паспорт каттоо — 1 113 сом

  • “Мекен-карта” алуу — 11 976 сом

Барып келүү кызматтары:

  • Бишкек жана Ош шаарларында — 1 240 сом

  • Аймактарда — 1 030 сом

Бул жаңыртылган тарифтер мекеменин өзүн-өзү каржылоосуна өбөлгө түзүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз