Уланбек Жаанбаев Бишкек–Ош багытындагы авиабилет баасынын кымбаттыгына байланыштуу маселени көтөрүп, аны көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтып, Монополияга каршы тескөө кызматына кайрылды.
Анын айтымында, айрым авиакомпаниялар каттамды монополиялап, бааларды негизсиз жогорулатып жатышы мүмкүн. Депутат билет баасы 8,5–9 миң сомго чейин жетип жатканын белгилеп, бааны жөнгө салуу механизмин карап чыгуу керектигин айтты.
Өз кезегинде Монополияга каршы кызматтын өкүлү учурда бул багытта беш авиакомпания иштеп жатканын билдирди. Алар:
- Асман эйр
- Авиа траффик
- Тез жет
- Номад
- Скай фул
Маалыматка ылайык, билет баалары орто эсеп менен 3 000 сомдон 7 000 сомго чейин өзгөрөт. Ошондой эле авия кызматы учурда баа саясаты боюнча иликтөө иштерин баштап, авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди.
Белгиленгендей, авиа тармагында баалар эркин болгондуктан мамлекет түздөн-түз баа коюуга кийлигише албайт. Авиакомпаниялардын ишин Жарандык авиация агенттиги жана Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көзөмөлдөйт.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаровдын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тарта ички авиакаттамдардын баасын туруктуу жана жеткиликтүү кылуу боюнча чаралар көрүлөрүн билдирген. Бул демилге мамлекеттик колдоо жана Турукташтыруу фондунун алкагында ишке ашырылары айтылган.
