Академик Абыганы Эркебаев: «Эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына саресеп»

Улуттук университеттен башка жогорку окуу жайларында окуган таланттуу студент курбулар да бар болчу. Жогоруда аталган Р.Мукашева политехникалык институтту бүткөнүн билем. Ошол жылдары жаңычыл ыр жыйнактары чыкканда сүйүнүп, колдогон пикир жазганым бар. Кийинчерээк дайыны чыкпай калганына өкүнөм. Ал кезде адабий ийрим иштеп, бизди чакырышып, жагымдуу кече өткөн. Ошондо ырларын окуган К.Кадыракунов, А.Кулбаев дегендер эсимде. А.Кулбаев кийин дарексиз болуп кетти. Керимбек Кадыракунов (1953) акындык талантын бапестеп багып өстүрүп, азыр Жазуучулар союзунун жетекчилеринин бири. Мурда төрт ыр китеби чыккан экен. Алар менен тааныша албаптырмын. Акыркы “Мамиле” аттуу ыр жыйнагын “Нускадан” таап, окуп чыктым. Жакты. Ырларында ар түрдүү сезимдер (балалык, жаштык, ашыктык, мекенчилдик, улутмандык, кайгы менен кубаныч) бар. “Биздин муун” деген ыры да орундуу, чынчыл:

Өйүз-бүйүз чек жок эле караган,

Ынтымактан жел өтчү эмес арадан.

Биз бактылуу балдар элек сөз жеткис,

Беш жыл окуп кучакташып тараган.

Студент кезимде Ошто окушкан эки акын досум бар. Алар Турабай Жороев (1951) жана Маркабай Ааматов (1953). Биринчиси кийин Ж.Мамытовдун акылын угуп Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунан билимин жогорулаткан. Мүнөзү жөнөкөй, шайыр. Журналистика менен поэзияны, көркөм котормочулукту ыктуу кыйыштырат. Мурда чыккан төрт ыр китеби менен тааныш болсом да акыркы “Кут курак” (2016), “Дил төрүндөгү ыргактарым” (2025) аттуу жыйнактарын канааттануу менен окуп чыктым. Тубаса акындык ар түрдүүлүк (тема жагынан да, ыр түзүлүшү жагынан да) байкалып турат. Кубаныч менен кайгы, жамандык менен жакшылык, өмүр менен өлүм, жаштык менен карылык Т.Жороевдин ичтен чыккан кайрыктары. Ага жалгыз каалоом – поэзияга акырына дейре ыйык, жооптуу мамиле жасап, жеңил-желпиликтен, ар кимдерге арноолордон алыс болуу. Азыркы өзбек адабиятынын жакшы үлгүлөрүн кыргызчалатуу аракеттери (К.Төрөмураттын “Кара китеп” аңгемелер жыйнагы, М.Эгембердиевдин “Сары ажыдаардын казаты” тарыхий экилтик романы (2024), эки элдин боордоштугун күчөтүүгө салым кошот.

М.Ааматов Ошто окуусун бүтүп, аз убакыт ал жерде эмгектенип, кийин борбор калаага келип, Жазуучулар союзунда ар кандай жетекчи кызматтарда (адегенде адабиятты жайылтуу бюросунда, андан соң көндүрүп, төрагалыкка шайланган Н.Алымбековго орун басар болуп) иштеп, акын катары да кеңири таанылды. Мен анын эгемендиктин башындагы “Ариет” (1994), акыркы убактагы “Дүнүйө – жалган” (2018), “Адашкан махабат” (2018) аттуу ыр жыйнактары менен таанышмын. Менин баамымда, ал заадисинен шыктуу, ыр жандуу, эртелеп бышып, жетилип, төгүлүп турган устат акын. Буга анын чыгармаларынын драмалуу мазмуну, тематикалык байлыгы, жанр жактан ар түрдүүлүгү (лирика менен эпиканы, кыска ыр менен чакан жана көлөмдүү поэмаларды айкалыштырган), стилинин кубулмалуулугу күбө өтө алат. Бул жагдайларды Ошто бирге окуган курбалдашы, өзү да таланттуу Карбалас Бакиров “Дүнүйө – жалганга” жазган баш сөзүндө Маркабай – “өзүнчө бир аалам” деп таамай белгилептир. М.Ааматовдун дагы бир баа-луу сапаты – уюштуруучулугу. Ал өзүнүн гана эмес, көптөгөн акын-жазуучулардын китебин чыгарууга көмөк көрсөттү, унутта калып келген жазгыч акын Молдо Кайыптын мурасын жыйнап, даярдап, өзүнчө китеп кылып (2023) жарыялады. Акыркы чоң эмгеги – өзбек жазуучусу Фарид Осмондун “Хандардын тарыхы” аттуу китебинин кыргызча котормосун редакциялап чыгарды (2021). Бул китеп улуу Бабурдун бөлөсү, атактуу тарыхчы Мухамад Хайдар Дулатинин “Тарыхы Рашиди” китебине таянып жазылган.

Оштон бүткөн, тагдырдын тарткылыгын тартып, көптөн бери Бишкекте жашап, эмгектенген К.Бакиров (1954) төрт ыр жыйнактын ээси экен. Менин колума тийгени – “Коргондогулар жана чексиздик” деген жыйнагы (2004) болду. Аталышы да, ички мазмуну, түзүлүшү да (ыр куруу маа-нисинде) адаттан тыш, жаңычыл китепке тагдыры окшош (экөө тең эркиндиксиз турмушту көргөн) А.Токтомушев кыска, бирок нуска баш сөз жазыптыр. Башка жактарын чечмелеп отурбай бир гана жагдайга – Сибирдеги катаал турмушка жана табиятка арналган ырларына басым жасагым келет. Жердеши улуу Токтогулдун тагдырын кайталаган акын ал жердин, жашаган адамдардын өзгөчөлүктөрүн кылдат жана таамай сүрөттөгөн. Эгемен жылдары турмуштун айынан жүз миңдеген мекендештерибиз Россияда, айрыкча Сибирь менен Ыраакы Чыгышта эмгектенип, күн көрүп жүрөт. Арасында ыр жазгандары да аз эмес. Мен алардын ыр китептерин да, асыресе, “Мигранттар поэзиясынын антологиясын” (2020) окудум. Алардын башында К.Бакиров тургансыйт.

“Эркин-Тоо” газетасында иштеп жүр-гөндө Ч.Айтматов менен С.Жусуевден тартып жаш акын-жазуучулар, окумуштуулар менен мамиле куруп, кээ бирлеринин китептерине пикир жазыптыр, аларды топтоп “Илинген ирмемдер” деген чоң жыйнак (2018) чыгарыптыр. Китеп абдан кызыктуу, керектүү, өзгөчө жаштарга пайдалуу.

Кыргызстандын эң четки, алыскы району – Лейлек. Ал Ы.Раззаковдун кичи мекени. Бул жерден о дүйнөгө эрте кетишкен К.Сабыров деген мыкты акын, Н.Сайдуллаев деген жакшы аңгемечи бар эле. Жогоруда сөзгө алынган Т.Жороев да Лейлектен. Азыр анда мени менен жашташ Абдилат Али Дооров, Атакул Жакыпов деген таланттуу акындар жашайт. Экөөнү тең жаш чактан жакшы тааныйм, ырларын окуп жүрөм. Акыркы ыр китептери –  А.Дооровдуку – “Ак булут” (2014), “Мөл булак” (2018); А.Жакыповдуку – “Жымжырт дүйнө” (2023) менен да тааныштым. Жакты: А.Дооровдуку жапондор поэзиясы сыяктуу кыска, нуска (2-3-4 сап) болсо, А.Жакыпов да китебинин аталышы сыңары жөнөкөйлүккө, сезимталдыкка, кыскалыкка умтулат. Өзүмчө күлүп коём: бойлору кыска, ырлары да кыска, бирок данектүү, көрктүү, жагымдуу.

Эгер Лейлек күчтүү акындардын мекени болсо, андан берки Баткенде негизинен кара сөзгө ыктуулар өздөрүн көрсөтүштү.  Алар: Мурзапар Үсөн, А.Ражабалиев, Г.Абдырахманов. Республикага белгилүүсү М.Үсөн болчу, ал көбүнчө тарыхый (скифтер жөнүндө) чыгармаларды жазчу. Жакын мамиледе элек. Тилекке каршы, эки-үч жыл мурда жарык дүйнө менен коштошту. Андан берки район –  Кадамжай алгачкы жазгыч акыныбыз Молдо Ниязды, оозеки поэзиянын устаты Туяк ырчыны берген. Совет убагындагы жана эгемен мезгилдеги көрүнүктүү акын Эгемберди Эрматов эле.  Ал адегенде Ошто, кийин М.Горький атындагы адабият институтунда окуган. Биз ошол жерде – Москвада таанышып, Ө.Даникеев, Э.Отунчиев, К.Ботояров, М.Мураталиев бешөөбүз тез-тез катышып, ынак болчубуз. Москвадан кайткандан кийин ал Бишкекте, Кызыл-Кыяда иштеп, акыр аягында Жогорку Кеңешке депутат, мамлекеттик тил комиссиясынын директору кызматтарын аркалады. Он жылча мурда жаман кеселдин кесепетинен каза тапты. Лирикалык, азаматтык мыкты ырлардын, поэмалардын, “Мухаммед пайгамбар” аттуу философиялык
баяндын, бир катар пьесалардын жаратманы Э.Эрматовдун өмүрү өрнөктүү да, өкүнүчтүү да. Артында 5 томдук чыгармалар жыйнагы – мурасы калды. Ал колумда болбогондуктан кененирээк токтоло албадым.

Э.Эрматов жашы улуу, бирок, жогорку билимди менден кийин алган болчу. Шайлообек Дүйшеев да ошондой: үч жаш улуу, Советтик Армияда кызмат өтөп, беш жыл Нарында ар түрдүү өндүрүштө иштеп, Улуттук университетке мен бүтүп кеткен 1975-жылы кирген. Тырмак алды ыр китепчеси 1985-жылы жарык көргөн. 1990-жылдардын башында жарыяланган “Кайдыгерлик” деген ыры, ошол наамдагы китеби аркылуу калың журтка аттын кашкасындай таанылган. Ошондон тарта жакшы таа-нышпыз (тагдырыбыз да окшош), бирок айрымдарчасынан шилекей алышкан дос болбосок да сый мамиледебиз. Талантын, чыгармачылыгын терең урматтайм, жактырам. Быйыл 75 жашка толду. Ызатым катары акыркы китептерин “Нускадан” сатып алып, кайрадан окуп чыктым. “Булуттар” деп аталган биринчиси (2020) дүйнөлүк (Батыш – Чыгыш) поэзиядан котормолору, экинчиси – “Арабадагы ыр. Тандалмалары” (2025) өзүнүкү, үчүнчүсү баягы “Агындылардын” кайра (алгачкы 2 томунун тогузунчу, 3-томунун төртүнчү) басылышы. Эч бир кыргыз акын-жазуучусунун (атүгүл Ч.Айтматовдун) чыгармалары өз тилинде мынчалык кайра-кайра, тез-тез басылган эмес! Мунун себеби эмнеде?  Аны “Арабадагы ырды” ачкан классик С.Эралиев менен азыр баралына келип калган акын, саясат таануучу жана сынчы Ж.Касаболот, “Агындылардын” биринчи басылышына эң сонун баш сөз жазган маркум Табылды Эгембердиев (ал да мага дос болчу), мактоо макалалары “Агындыларга” кирген Р.Кыдырбаева менен С.Байгазиев (экөө тең “Манастан” тарта азыркы кыргыз адабиятын кылдат
изилдеген чоң адистер), жан күйөр, кыйышпас акын достору Б.Аракеев, Н.Капаров, башка чөйрөлөрдө эмгектенген, окуган бир катар адамдар жакшы ачышыптыр. Мен алардын жазгандарын кайталабай эки гана эң маанилүү, чечүүчү жагдайды баса белгилегим келет. Биринчиси – Кудай даарыган тубаса талантка ээ Ш.Дүйшеев эң оболу кыргыз жерин, тилин, өзү туулуп өскөн Ат-Башысын, үй-бүлөсүн сүйөт, бүткүл кудуретин, бар дараметин ушуларды даңктоого арнайт. Ал нукура мекенчил, улутман, жароокер акын. Экинчиси – жүрөгү, акыл-эси бүт дүйнөгө, башка элдердин маданиятына ачык. Муну котормо китеби жана “Агындылардагы” Л.Толстой, Ф.Достоевский, Н.Бердяев, В.Розанов жөнүндөгү ойлор, эскерүүлөр күбөлөп турат. Дегеле көптөгөн наам, сыйлыктарга ээ болгон Ш.Дүйшеевге бир гана баскыч – Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры деген ардак наам жетпей турат. Кийинки кезде сыркоолоп жүргөн акынга мындай наам кошумча күч, дем береби деп ойлойм, акындын өзүнө бекем ден соолук каалайм.

1970-жылдардын башында адабий сында А.Токтогулов, К.Даутов, С.Бай-газиевдердин артынан өзүнчө күчтүү топ, толкун пайда болгон эле. Алар мен баш болуп О.Ибраимов, К.Ибраимов, Ү.Касыбеков, К.Эдилбаев, К.Байжигитов, Ж.Бөкөшев, С.Станалиев, К.Абакиров эле. Кийин топко Э.Нурушев, С.Алахан, А.Медетов кошулган. Арабыздан эрте кеткени – кырктан жаңы өткөн К.Эдилбаев болду. Табити бийик,
чукугандай сөз тапкан, кара күүлөрдү катыра черткен Каныбек эки китеп чыгарып үлгүрдү. Сөзгө өзгөчө маани берип, жооптуу мамиле жасаган С.Станалиев да кийин кара сөзгө өтүп, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ч.Айтматовдун өмүр баянын, кайгы-кубанычтарын, ашыктык сырларын даректүү жана көркөм баяндаган кабелтең романдарын чыгарып, тиги дүйнөгө кете берди. О.Ибраимов, К.Ибраимов үчөөбүз мамлекеттик чоң кызматтардын ачуу-таттуусун көрдүк. Мени кубантканы – К.Ибраимов “Мезгил жана мен” (2018), “Хронос жана эрос” (2021) аттуу терең лирикалуу ыр китептерин, О.Ибраимов жаңы гана “Арстанбектин арманы” (2025) аталган новеллалар жыйнагын жарыялашты. Ал “Арс-танбектин арманын” романга айлантса болчудай. Сөз кадырын сыйлаган, чатыратып жакшы тилде жазышкан бул досторумдун китептери мазмун, стиль жактан да көңүл бөлүүгө татыйт. Э.Нурушев болсо заадисинде ойчул, мыкты стилист, накта мээнетчил. Шакирттерим С.Алахан менен А.Медетов учурдагы адабияттын ой-кырын үзбөй карап, талдап турушат, “азыр адабий сын жок” дегенге жүйө беришпейт.

Өйдө жакта кепке тартылгандар негизинен 1940-жылдардын аягында – 1950-жылдардын биринчи жарымында төрөлгөндөр. 1950-жылдардын экинчи жарымында дүй-нөгө келип, адабиятка жандуу аралашкан өзүнчө чоң толкун бар. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү А.Матисаков, А.Муратов, Ч.Абы-кеев, С.Раев, Б.Назаралиев, Н.Капаров, Б.Табалдиев (Салмагани), К.Урманбетов, Б.Чотурова, Б.Сарыгулова, П.Дүйшөбаев ж.б. А.Матисаков жөнүндө макаланын башталышында айтып кеттим эле. Ал маркум Э.Калдаров досум менен бир айылдан – Ноокат районунун Көк-Белинен. Ошол себептен студент кезибизде таанышканбыз. Кийин мыкты журналист, жазуучу жана мамлекеттик ишмер сыпатында элге таанылды. Азыр Улуттук университеттин журналистика жана коммуникация институтунда профессорлук кылып, студенттерди тарбиялоодо.

Мага тартуулаган көлөмү чоң китеби “Баткан күндү аяймын…” (2022. – 608 бет) чыгармачылыгын, өзү жөнүндө башкалардын жазгандарын толук камтыгансыйт: биринчи бөлүмү эсселерден, маектерден, публицистикалык очерктерден жана адабий портреттерден (“Баарыбызга жаккан “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” дегенинен баштап) турат. Экинчисине Ж.Мавлянов, Ч.Айтматов, С.Жусуевден тартып санаалаш достору, инилери, студенти жазган макалалары кирген; үчүнчүсүн мурдатан тааныш аңгемелери жана “Ак коргон” баяны түзгөн. Жекече чыгармачылыгын кыскача мүнөздөгөндө, А.Матисаков кызык кырдаалдарды жана адам турпатын, ички жана тышкы ой-сезимдерин, кыймыл-аракеттерин ширин, өзгөчө тил менен сүрөттөгөн чебер жазуучу. Эгер Ш.Дүйшеевдин “Агындылары” айыл турмушунун, асыресе, Ат-Башынын кеңири панорамасын, кызык мүнөздөрдүн өзүнчө галереясын түзсө, А.Матисаковдун аңгемелери, “Ак коргон” баяны келки-келки окуяларды, кызык типтерди элестүү тартат. Муну китепке баш сөз жазган досум, белгилүү сынчы жана ойчул (философ) Ж.Бөкөшев “Улуулуктун жөнөкөйлүгү жана жөнөкөйлүктүн улуулугу” деп таасын мүнөздөптүр. Ал эми өмүр жолуна, ишмердигине жана жалпы чыгармачылыгына журналист досу М.Тентимишев “Жүрөгүндө күн жашайт” аттуу атайын китеп (2021) арнаптыр. Менимче, А.Матисаков ушундай мамилеге татыктуу. Анын дагы бир баалуу сапаты – жаштарга кам көрүү, аларды жазуу-
чулук өнөргө үйрөтүү. Мунун айкын далили – өзүнүн шакирттери жазган аңгемелерден түзүп чыгарган “Миң булак” аттуу жыйнак (2024. – 368 бет). Мен аны да толугу менен окуп чыктым, авторлоруна ичимден жакшы келечек тиледим.

А.Матисаков менен жашташ, туулган айылдары канатташ Абдыкерим Муратов (1956) менен студент курагыбызда Ошто таанышып, Сулайман-Тоого чыкканым эсимде. Ал окууну ошол жерден аяктап, окутуучулук кылып, акыры Бишкекке келип, туруктуу жашап калды, педагогика илимдеринин доктору, профессор болду. Окутуучулукту журналистика, адабият жана көркөм котормочулук менен ариш-аркак алып жүрөт. Башында сынчылык жана адабиятчылык менен алектенген. Башкалар менен авторлоштукта адабият таануу терминдеринин сөздүгүн, “Кыргыз адабияты” маалыматтамасын (2014) түзгөн. Анан жазуучулукка көбүрөөк ыктаган. Ондон ашык кара сөз китептердин автору. Мага чыгармалар жыйнагынын 1-томуна (2017) кирген жана “Арча түбүндөгү айдың кеч” (2022) деген өзүнчө калың китепти түзгөн аңгемелери жакты. Анткени тили жатык жана бай, адам тагдырларын, мүнөздөрүн кырдаалдарга, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө байланыштырып көркөм баяндайт. Пейзаж, портрет, майда-чүйдөлөр (деталдар) так, кылдат. Аңгемелердин көпчүлүгү көлөмдүү, окуялуу. Аларда СССР убагындагы турмуш-тиричилик, андан берки, азыркы базар мамилелери ынанымдуу, таамай көрсөтүлөт. Ал эми “Сунулган баш… Суурулган кылыч” (2017), “Жылдыздар тараган таңдар” (2020), “Алимбек датканын арманы” (2025) романдары башкачараак – тарыхый-өмүр баян жанрында жазылган: биринчиси атактуу Мадаминбек корбашынын, экинчиси Алайда туулуп-өсүп, Оренбургдагы аскердик окуу жайын бүтүрүп, дүйнөлүк биринчи согушка катышып, андан жараланып кайткан соң ат заводдорун уюштуруп, акырында Кызыл армияда командирлик кызмат өтөгөн белгилүү инсан Сулайман Күчүковдун, үчүнчүсү, жаңы эле чыкканы, айтылуу Алымбек датканын тагдырын баяндайт. Үч романдын тең темалары маанилүү, актуалдуу, баш каармандары даңазалуу. Анан калса мынчалык көлөмдө биринчи жолу (ыраматылык Т.Касымбеков кайрылган Алымбек датканы жана Мадаминбекти эске алганда) кеңири жазылып жатат. Романда мурда биз анча билбеген көп тарыхый документтер, каармандар, окуялар бар. Айрыкча Алымбек датканын өмүрүнө, ишмердигине байланыштуу табылгалар, жаңылыктар көп. Романга кыргыздын алгачкы жазгыч акыны Молдо Нияздын келбети, жасаган иштери да биринчи ирет киргизилген. Жалпысынан алганда А.Муратовдун романдары жактырууга арзыйт. Ошол эле мезгилде алардын кемчиликтерин көрсөтө кетүү зарыл: кургак маалыматтар, кирди-чыкты каармандар жыш, башкы жана көмөкчү каармандардын психологиясын, мүнөз, тил өзгөчөлүктөрүн ачуу жетишпейт, артыкбаш окуялар, хроника, санжыралар аз эмес. Экинчиден, бөксөлүктөр да байкалат. Маселен, Мадаминге арналган “Сунулган баш… Суурулган кылыч” романында өзүнүн жердеши, аты аңызга айланган Мойдунбек корбашынын образы жок.

Ушул өңүттөн алып караганда мурда сын жазып, илим жактап жүргөн Папан Дүйшөнбаевдин (1957) “Жармазардагы акыркы кеч” экилтик романы (2017) бир кыйла айырмаланат. Классик жердеши Т.Касымбековдун “Сынган кылычында” биринчи мерте колориттүү көрсөтүлгөн Нүзүп бийдин образы бул романда андан да кенен жана терең тартылган. Чыгарманын тили Т.Касымбековдукуна жетпесе да (ар бир жазуучу ар түрдүү талантка ээ эмеспи) каармандардын келбети, психологиясы, карама-каршылыктары, кыймыл-аракеттери, окуялар, табият көрүнүштөрү, майда-бараттар (деталдар) так, кылдат тартылган. Ойлор, суроолор көп. Бул, албетте, жакшы. Бирок, мучүлүштүктөр да бар: туташ, чылкый текст көп, диалог аз, баптары бир кылка эмес (биринчи китеп кыска, экинчиси узун). Бул баяндоонун кызыктуулугун, жандуулугун азайтып, кыймылсыздыкка (статика), тең салмактуулуктун бузулушуна (диспропорция) алып келет.

Чолпонбек Абыкеев (1957) Кыргызстандагы эркин басма сөздүн негиз-дөөчүлөрүнүн бири болуп (көп жыл Аалам” газетасын чыгарып), жаш чагында эл кызыгып, тытып окуган “Бриллиант жылан” аттуу шумдуктуу окуялуу чыгарманы жараткан. Кийин мамлекеттик кызматты да аркалады (К.Бакиевге, азыр С.Жапаровго кеңешчи болду). Өзү жазгандай, он жылдан кийин чыккан жаңы китеби – баяндардан жана драмалардан түзүлгөн “Түгөй арча” (2024). Мындагы кара сөздөгү аңгеме, баяндарынын каармандары, окуялары, тили кызыктуу, окумдуу, жугумдуу, “Өрт”, “Согуштун үнү”, “Кызыл көйнөкчөн келин” пьесалары андай эмес. Бул драма  өнөрүндөгү тажрыйба жоктуктан же аздыктан болсо керек. Китебин ачкан чакан баш сөзүндө белгилегендей, “оомалуу-төкмөлүү, ысык-суугу аралаш өткөөл мезгил” тууралуу роман жазып жатыптыр. Анын аягында “жазыла турган мыкты чыгармалар али алдыда” дегендей, тилеги ишке ашышын күтөлү.

Бул толкундун акындарына өтсөк, алардын жашы улуурагы Бактыгүл Чотурова (1955) экен. Ырасын айтсам, аны бир топ кичүү го деп жүргөм. Анын үстүнө ырлары жаш (студент, аспирант) чагымда анча белгилүү эмес болчу. Атын кийинчерээк, улгайган убагымда угуп, өзүн жыйындардан көрүп, “Нускадан” “Найман” (2013), “Жалгыздык бар” (2016) аттуу ыр китептерин сатып алып тааныштым. Лирика менен эпиканы айкалыштырган жакшы акын экен. Жактырган темалары тарых, табият, арзуу, өмүр-өлүм (философия). Тандаган, аздектеген кесиби, жашоо ыңгайы, көргөн күнү – поэзия. Аты сыяктуу атайын жазганы бар: “Бактылуу кылган мени – поэзия”.

Бул оюн “Акын эмес акын” деген ырында да ырастайт:

Күнүмдүкпү, түбөлүкпү,

Жазмышы бар ар кимдин.

Акын эмес акын-тагдыр

Берген үчүн бар билгим.

Мындай ырды 1993 – 1994-жылдары Ош областынын акими болуп турганымда акын досум А.Рыскулов жазганы белгилүү. Мен ага дүйнөлүк тарыхтан мисалдар келтирип “Акындар жана акимдер” деген көлөмдүү эссе менен жооп кайтаргам.

Б.Чотурованын дагы бир алгылыктуу, артыкчылыктуу жагы – дүйнөлүк адабий классиканын кыргыз тилинде сүйлөтөт. Мисалга Индия акыны М.Вальмишинин “Рамаяна” эпосу боюнча пьесасын, У.Шекспирдин “Макбетин”, Ф.Шиллердин “Мария Стюартын”кыргызчалаткан.

Ага салыштырмалуу Бурулкан Сарыгулова (1959) кош тизгинди – акындыкты жана коомдук белсемдүүлүктү колго алгандай. Буга анын “Мендеги мезгил” деген ыр китеби (2024) жана “Уютку кеп” (2024) публицистикалык (журналисттик) жыйнагы кепил боло алат. Мен аны “Азаттык” үналгысынан таланттуу, билимдүү журналист катары жакшы билип, маектерине катышып жүргөм. “Мендеги мезгили” күтүлбөгөн жаңылык, пайдалуу табылга болду. Ага дил кайрыктары, арноолору, дүйнөлүк классиктерден котормолору кириптир. “Уютку кеп” болсо ар кайсы кесиптеги атактуу, таанымал адамдардан алынган маектерден, эскерүүлөрдөн түзүлгөн бай мазмунга, түрдүү көз караштарга (ошонусу менен кызык, жандуу эмеспи) ээ, өтө керектүү китеп.

Эр азамат акындардан жаштары бир (1957) Бектуруш Табалдиев (Салгамани) менен Нуралы Капаровдун поэзиясы олуттуу, жаңычыл көрүнөт. Жаш чагында “Мугалимдер газетасында” иштеп жүргөнүндө Бектурушту жакшы таанып, жылуу учурашып калчубуз. Ошондо анын макалаларын жана ырларын окуган жайым бар. Тилекке каршы, узак жылдардан бери көрө элекмин. Угушума караганда далай жыл Россияда жүрдү окшойт. Анын  аталышы да, ички мазмуну, ыр түзүлүшү да кызык “Аты жок китеп” деген көлөмдүү ыр жыйнагын (2020, – 240 бет) эки сыйра окуп чыктым. Ага белгилүү журналист жана адабиятчы, жаш кезекте сынчы болгон Бекташ Шамшиев “Классик акындын ааламы” аттуу алгы сөз жазыптыр, Б.Табалдиевди А.Осмонов, С.Эралиев, О.Султановго теңептир. Ылайым ошондой болсун! Бирок азырынча, көзү тирүүсүндө андай көкөлөтүү эртеби деп ойлойм. Минтип айтышыма бери дегенде эки себеп бар.

Биринчиси – ырларынын, балладаларынын жана “Алтын арман” поэмасынан үзүндүлөрүнүн негизги темалары эски, түбөлүктүү: туулган жери, айылы, ата-энеси, үй-бүлөсү, мекени (Кыргызстан, Ала-Тоо), жаныбарлар (карышкырдан чычканга чейин), табият көрүнүштөрү (93 – 132-беттер), махабат (164 – 232-беттер). “Алтын арманы” өзү суктанган О.Султановдун “Сен жөнүндө поэмасы” менен “Чарчоонун жүзүнчү ырына” окшош. Мен  Б.Табалдиевден миграцияда жүргөн Россия, анын катаал табияты, азаптуу турмушу жөнүндө жүрөктү титиреткен ырларды күткөн элем. Иш жүзүндө андай болбой 2 – 3 гана үстүрт ырларды жазыптыр. Аргасыздан К.Бакировдун мазмуну, пейзажы терең ырларын эстедим.

Экинчиси – поэзия жөнүндөгү ырлары А.Осмоновдун, Б.Чотурованын жогоруда келтирилген кайрыктарын кайталайт. Ага карабастан окурманга кайрылганы бул:

Мен өзүмдү кем санабайм Пушкинден,

Мажнун, Фархад, Кайстан пасмын дебеймин.

(222-бет)

Кезинде Б.Табалдиевди жакшы көрүп, сыйлачумун. Анын “Аты жок китебинде”, албетте, мыкты ырлар, өзгөчө курулмалар, таасын образдуулук бар. Ошентсе да аң-сезимдүү, акыл-эстүү адам катары акынга деле жөнөкөйлүк, жупунулук артыкбаш болбойт деп эсептейм. Анан калса биздин улуттук мүнөз, бөтөнчөлүк ушуну талап кыларын акын унутпаса.

Н.Капаровдун “Адашкандары” (2021) түпкүрдөн, жүрөктөн чыккан, эч бир калп-жалганы, жасалмасы жок ырлар, поэмалар. Мында коюлган суроолор да, берилген жооптор да орундуу, жөндүү: ”Адилет бийлик кайда? Адал байлык кайда? Билим кайда? Илим кайда? Манаптардай маңкайып төрдө отурчу чыныгы Маданият кайда? Агын суудай күпүлдөгөн мөлтүр-тунук чыныгы Адабият кайда?”

Аттиң арман, баарынан адаштык!

Жайытты көрбөй жайлоодон адаштык,

аныкты көрбөй шайлоодан адаштык…

(“Алгы сөз”, 3-бет)

Мунун себептерин акын эки нерседен – СССРдин кыйрашынан жана азыркы замандын оомал-төкмөлдүгүнөн көрөт. Анын жүрөгүн өйүгөнү кантсе да өзү туулуп өскөн, жетилген СССРдин жок болушу. Ошол
доор жөнүндөгү чындык ырлары – “Мен анда Кеңеш (СССР – А.Э.) элем”, “240 миллион кыргыз элек”, “Совет адамы”, “СССР”, “Орус”, поэмасы – “В.И.Ленин”. Кыргыз акын-жазуучулары учурда деле СССРди эңсеп калышат, бирок эч кими Капаровдой ачык, түз жазыша элек. Айрыкча Ленин тууралуу. Азыркы замандаштары, санаалаштары жөнүндөгү “Достошкон дөөлөр” поэмасы да чындыктын, сындын, сыйлоонун үлгүсү. Бул айрыкча Ш.Дүйшеев менен Т.Эгембердиевдин бейнелерине тиешелүү.

Албетте, Н.Капаров өткөнгө өксүп, азыркыга кайгырып калбайт, алдыга, ачылыштарга чакырат: “Көтөрүл! Бийиктикке чык!” дейт. Ыр түзүлүшүндө салттуулукту да, уйкашсыздыкты да эриш-аркак пайдаланат. Жаңы “Ырлар” китеби негизинен “Адашкандарды” кайталайт.

1950-жылдары төрөлгөндөрдүн эң кенже акыны – Кыялбек Урманбетов (1959). Анын атасы да (Совет) белгилүү акын болгон. О.Султанов, Э.Турсунов, Р.Рыскуловдордун курагында болсо керек эле. Мен аны көрүп, жылуу сөздөрүн угуп калдым. К.Урманбетовдун “Акырет алдында” аттуу ыр жыйнагында (2017) атасына арнаган үч ыры бар. “Совет адам” дегени мындай башталат.

Совет атам өлгөндө

Совет өкмөт кошо өлгөн.

Эки бирдей жоготуу

Эч болбойт деп көшөргөм.

“Атакем кандай киши эле?” деген экинчисинде:

Атам өлдү, өлмөк болчу акыры,

Арман кылып айтканда не датымды?

Кейигеним, ыр бермети азайып,

Кемий түштү кыргыздын бир акыны, – дейт.

Кайриет, Кудай кыргызды аяп акын атасынын ордуна акын баласын жаратыптыр, анын баа жеткис мурасын уулуна өткөрүптүр:

Алтын-күмүш алганым жок атамдан,

Ырлар гана мага калган үлүштөй.

Асыл саптар поэзия аталган,

Ырысыма шыңгыр этет күмүштөй.

(Уландысы бар)

 

Акыркы гезиттер

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...

Жакынкы Чыгыш өрткө чулганды. Кесепети арбын

         Ошентип, ишембиде АКШ менен Израиль Иран Ислам Республикасына абадан кол салды, масштабдуу жана капысынан жасалган жана уланып жаткан бул чабуул «Эпикалык каардануу» операциясы...