Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто балдарга арналган амфитеатр ачылды

Ошто балдарга арналган амфитеатр ачылды

Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош жерге ачык типтеги амфитеатр курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, борбордун эмгек жамааты, жаш таланттар жана алардын ата-энелери катышты.

Мэр Жеңишбек Токторбаев куттуктоо сөзүндө борбордун имараты жана айланасы буга чейин толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн белгилеп, эми ачык асман алдындагы жаңы сахна жаштардын чыгармачылык өнүгүүсүнө чоң шарт түзөрүн билдирди. Ошондой эле борборго балдар үчүн кичи автобус белекке тапшырды.

Жаңы амфитеатр жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылык иш-чараларын өткөрүүгө жана шаар тургундары үчүн маданий аянтча катары кызмат кылат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар