Башкы беткеМаанилүүКыргыз тасмасы Шанхайдагы кинофестивалда "Эң мыкты тасма" сыйлыгын алды

Кыргыз тасмасы Шанхайдагы кинофестивалда «Эң мыкты тасма» сыйлыгын алды

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары.» аттуу толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты тасма» сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм» улуттук киностудиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасманын сценарийи жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, “Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган. Ал эми тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Кинофестиваль 13-июндан 22-июнга чейин болуп өттү.

Белгилей кетсек, Шанхай эл аралык кинофестивалы — Борбор Азиядагы жана Кытайдагы, Кинопродюссерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган, “А” класстагы ири фестиваль. Ал 1993-жылы негизделген. Ар жылы фестивалга жүздөн ашык өлкөдөн эки миңге жакын тасма, 500 миңдей көрүүчү катышып келет.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар