Башкы беткеМаанилүүЧет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар добуш берүү үчүн 34 мамлекетте 100 шайлоо тилкеси уюштурулат.

Бул тууралуу шайлоону өткөрүүгө даярдык маселелерин талкуулаган жыйында белгилүү болду.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев шайлоону жогорку деңгээлде жана ачык-айкын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу мамлекеттин түздөн-түз милдети», — деди Амангелдиев.

Анын айтымында, шайлоо мыйзам чегинде, коопсуз жана ачык өтүшү зарыл. Ар бир шайлоочу добушун эркин берип, ар бир бюллетень так эсептелиши керек.

Жыйында тиешелүү органдар даярдык иштерин жүргүзүп жатканы, адистерди окутуу жана техникалык жабдууларды текшерүү иштери улантылып жатканы маалымдалды. Ошондой эле эл аралык байкоочуларды чакыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар