“Мелисса” ураганы акыркы 90 жылдагы эң күчтүү бороон болду

0
8969

Ямайка жана Куба аймактарын каптаган “Мелисса” ураганы акыркы 90 жыл ичиндеги эң күчтүү бороон катары катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Франс Пресстин метеомаалыматтарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, “Мелисса” 1935-жылдагы рекорддук бороонду кайталады. Ал кезде шамалдын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга чейин жеткен.

АКШнын Урагандарды көзөмөлдөө боюнча Улуттук борбору билдиргендей, ураган Кубага жакындаганда күчөп, төртүнчү категорияга чейин жеткен.

Кубанын Сантьяго-де-Куба провинциясына жеткен учурда шамалдын максималдуу ылдамдыгы саатына 195 чакырым болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз