whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБүгүн өлкө боюнча тесттик аралыктан добуш берүү өтөт

Бүгүн өлкө боюнча тесттик аралыктан добуш берүү өтөт

Бүгүн, 30-октябрда, өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде тесттик аралыктан (онлайн) добуш берүү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында да тесттик добуш берүү “Дордой-Плаза” жана “Азия-Молл” сыяктуу ири соода борборлорунда уюштурулат.

Буга чейин сыноо түрүндөгү добуш берүү октябрдын башында жана жыйырмасында республика боюнча жана Россиянын айрым шаарларында өткөрүлгөн.

Онлайн-добуш берүү идентификация системасына негизделет, бул шайлоочуларга өзүнүн катталган жеринен тышкары же чет өлкөдө жүргөн учурда да добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

БШК бардык каалоочуларды тесттик режимдеги добуш берүүгө катышып көрүүгө чакырат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар