Орусиянын президенти Владимир Путин Аляскада өткөн лидерлер саммитинде Украинадагы жаңжал боюнча АКШ сунуштаган концепциянын негизинде иштөөгө даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Анын айтымында, саммитке чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Москвага Украина боюнча сунуштарды жеткирген, жана аларды орус тарап кылдат изилдеген.
«Президент Путин Уиткофф алып келген концепциянын ар бир пунктуна кайрылып, анын катышуусунда тактап чыкты. Бардык пункттар ырасталгандан кийин, ал Орусия бул концепцияны кабыл алып, практикалык иштерди баштоого даяр экенин билдирди», — деди Лавров.
Министрдин маалыматы боюнча, тараптар дароо жооп берген эмес — сунуштарды терең талдап чыгуу үчүн убактылуу тыныгуу алынган. Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп бул концепцияны Батыш Европадагы өнөктөштөрү менен, ал эми Путин — Орусиянын союздаштары менен талкуулаган.
Эскерте кетсек, Орусия жана АКШ президенттери 15-августта Аляскадагы саммитте Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тарап тең сүйлөшүүнү оң баалашкан. Путин узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү маанилүү экенин белгилеп, жаңжалдын түпкү себептерин жоюу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгилеген.

