Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртууга жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоор — Каракол шаарындагы таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-заводдун курулушу башталды.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, мезгил кутучасын салуу аземин өткөрдү.
«Жашыл экономика — замандын урааны болуп калды. Биз бүгүн экологияны сактоого жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ири ишкананын курулушун баштап жатабыз. Бул завод экологиялык абалды кыйла жакшыртып, таза энергия өндүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди Адылбек Касымалиев.
Төрага белгилегендей, Кытай Эл Республикасынын “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен биргеликте үч ири долбоорду — Бишкек, Ош жана Ысык-Көл шаарларындагы таштандыны кайра иштетүүчү комплекстерди — ишке ашырууда.
Ысык-Көл облусундагы долбоордун алкагында Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете ала турган электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда таштандылардын көлөмүнө жараша кошумча иштетүү линиялары да ачылат.
Бул этаптагы инвестициянын жалпы көлөмү 140 миллион АКШ долларын түзөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы долбоор Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилесин чыңдап, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошоорун баса белгиледи.

