whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКамбоджа менен Таиланд элдешти

Камбоджа менен Таиланд элдешти

Былтыртадан бери уланып келе жаткан жаңжал токтоп, Камбоджа менен Таиланд элдешти. АКШ президенти Трамп төрагалык кылган жолугушууда эки мамлекеттин өкмөт башчылары ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Макулдашууга ылайык, Таиланд камбоджалык туткундарды бошотуп, Камбоджа чек арадагы оор артиллериясын артка кайтарат. Аймакташ мамлекеттердин байкоочулары келишимдин так жана мөөнөтүндө аткарылышына көз салып турмакчы. Дональда Трамп “эч качан ишке ашпайт деген пессимистер арбын болгондугуна карабастан тынчтык келишими түзүлдү, бул — тарыхый окуя“ деп баалады. Камбоджанын премьер-министри Хун Мане да “тарыхый күн”, Таиланддын премьер-министр Анутин Чарнвиракул келишим тынчтыктын пайдубалы деген оюн билдирди. Боосу бекем болгой эле, асыресе Израил-Палестина жанжалын басуу келишиминен кийин Трамптын тынчтыкты орнотуучу эл аралык ишмер катары репутациясын бекемдеген да бир ирет окуя болду.

Камбоджа менен Таиланддын тынчтык келишими Трамптын Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринин Куала-Лумпурдагы саммитине келгендеги окуялардын алгачкысы. Трамп андан ары Жапонияга, Туштүк Кореяга сапар тартат. Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушу да ыктымал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар