whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУКМК: «Мыйзамсыз жүргөндөр 10-июнга чейин мыйзамдаштырып же өлкөдөн чыгып кетиши керек»

УКМК: «Мыйзамсыз жүргөндөр 10-июнга чейин мыйзамдаштырып же өлкөдөн чыгып кетиши керек»

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер 10-июнга чейин Кыргызстанда жүрүүнү мыйзамдаштырышы керек же чыгып кетүүгө тийиш. Андан соң ири масштабдагы “Нелегал” операциясы башталарын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн мыйзамсыз миграция боюнча жыйын өткөргөн. Анын айтымында, учурда КРде 5 миңдей чет элдик мыйзамсыз жүрөт. Аларды айыпка жыгуу, депортациялоо, атургай кылмыш жазасына тартуу да каралууда. Мигранттарды чакырган компаниялар да «өз энчисин» алат.

Ташиев чет элдиктер өлкөгө турист же студент катары кирип, бирок бул жактагы тартипти бузуп жатканын белгиледи.

Айрым учурда мигрантты чакырган компания же ЖОЖ визанын мөөнөтүн узартып бербей, чет өлкөлүк жаран мыйзамсыз жүрүп калган учурлар болгону айтылды.

Мындан улам мигранттар ичип, баңгизат колдонуп, коомдук жайда өзүн туура эмес алып жүргөн учурлар болгон. Мындай көрүнүштөр коомдук тартипти бузуп, атургай улуттар аралык жаңжалга да алып келиши мүмкүн экени белгиленди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар