whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
06.03.2026
3.8 C
Бишкек
Башкы беткеЭнергетика400 миңге чукул "акылдуу" электр эсептегичтер орнотулат

400 миңге чукул «акылдуу» электр эсептегичтер орнотулат

2026-жылы Кыргызстан боюнча 390 миң даана “акылдуу” электр эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.

“Акылдуу” эсептегичтер аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Бишкек – 91 210 даана;
  • Чүй облусу – 89 129 даана;
  • Ош облусу – 68 242 даана;
  • Баткен облусу – 54 997 даана;
  • Жалал-Абад облусу – 71 546 даана.

Белгилей кетсек, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясын реалдуу убакыт режиминде так эсептөөгө, техникалык жоготууларды ыкчам аныктоого, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана эсеп-кысап жүргүзүүдө так маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоор энергияны үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылып, тармактын ачык-айкындуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар