Энергетика министрлиги Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында өлкөдөгү кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы иштер тууралуу маалымат берди.
Министр Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда жалпы кубаттуулугу 650 МВт болгон шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча 13 инвестициялык келишимге кол коюлган. Бир катар ири долбоорлор ишке ашыруу баскычына өткөн.
Анын айтымында, 2025-жылдын 24-декабрында Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон электр станциясы пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, вьетнамдык компания 2116 гектар аянтта 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууну баштаган. «Юнигрин» компаниясы 2026-жылы дагы 300 МВт кубаттуулукту ишке киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле Росатом компаниясынын 100 МВттык шамал электр станциясы ишке киргизүүгө даярдалууда.
Министр белгилегендей, бул долбоорлор энергетика тармагын диверсификациялоого, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана экологиялык таза электр энергиясын өндүрүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.


