Япония императору 66 жашка толду

0
2210

Нарухито 66 жашка толгон күнү коомчулук менен жолугуп, Императордук сарайда чогулган элге салам жолдоду. Иш-чара Токио шаарында өттү.

Дүйшөмбү күнү эртең мененки саат 9:30да сарайдын негизги дарбазасы ачылганга чейин 15 миңге жакын адам чогулган. Император жубайы императрица Масако жана кызы принцесса Айко менен бирге сарайдын балконуна үч жолу чыгып, элге кол булгалап учурашты. Аларга мураскер ханзаада Акисино жубайы жана балдары – принцесса Како менен ханзаада Хисахито кошулду.

Куттуктоо сөзүндө император соңку катуу кар жаашынан жабыркагандарга көңүл айтып, жаз мезгилинин жакындап келатканын сезип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал жаз тынчтык алып келсин деген тилегин айтып, бардык жарандарга ден соолук жана бакыт каалады.

Иш-чара учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сарайдын тосмолоруна кошумча торлор орнотулуп, кайтаруучулардын саны көбөйтүлдү. Январдагы жаңы жылдык куттуктоодо бир жаран тосмодон өтүүгө аракет кылган окуядан кийин коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулганы маалымдалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз