Кытайда НЛО сымал учуучу аппарат сыноодон өтүүдө

Ухань шаарында адаттан тыш формадагы — НЛОго окшош eVTOL учуучу аппараты сыноодон өткөрүлүүдө. Бул заманбап транспорт каражаты шаар ичиндеги аба мобилдүүлүгү үчүн иштелип чыккан.

Сыноо учурунда аппарат тик учуп чыгып, абада токтоп, багытын өзгөртүп, кайра жумшак конгон. Демонстрация Optics Valley авиациялык паркы аймагында өткөн.

Аппаратты E-Hawk Technology иштеп чыккан. Компаниянын негиздөөчүсү Цай Сяодун бул долбоорду дизайн жана эффективдүүлүк боюнча чоң жетишкендик деп баалады.

Учкучсуз аппараттын негизги өзгөчөлүктөрү:

  • НЛО сымал тегерек форма жана “жашыруун канаттар”;
  • Коопсуздукту жогорулаткан ички вентилятор системасы;
  • Тыгыз шаар шартында так маневр жасоо мүмкүнчүлүгү;
  • 4 жүргүнчүнү ташый алган кенен салон.

Аппараттын максималдуу учуу салмагы 1,2 тонна, узундугу 5,6 метрди түзөт. Ал буга чейин 140тан ашык сыноо учуусун ийгиликтүү аткарган.

Мындан тышкары, аппарат куткаруу иштеринде да колдонулушу мүмкүн. Мисалы, акыркы тесттердин биринде ал көп кабаттуу үйдүн балконунан адамды эвакуациялоо сценарийин ийгиликтүү аткарган.

Иштеп чыгуучулар бул долбоор аркылуу келечекте шаар ичиндеги аба транспорту кандай болоорун көрсөтүүнү максат кылышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз