Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Сынакка чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат. Ошондой эле башка номинация ээлерине акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор берилет.
Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтө турган Чыныбай Турсунбеков 6–поэзия фестивалынын алкагында сыйланышат.
Иш-чараны Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд демилгелеген.

