Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятНооруз майрамы: аймактарда кандай белгиленет

Нооруз майрамы: аймактарда кандай белгиленет

Кыргызстанда Нооруз майрамы быйыл да кеңири масштабда белгиленип, өлкөнүн ар кайсы аймактарында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулууда.

Ош облусунда майрамдык иш-чаралар 18-мартта Төлөйкөн ат майданында башталып, “Нооруз–2026” элдик майрамынын алкагында улуттук спорт оюндары өтүүдө. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана спорт тармагынын жетекчилери катышып, келгендерди майрам менен куттукташты. Программада көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча республикалык мелдештер каралган. Учурда оюндар көк бөрү таймашы менен уланууда, ал эми финалдык беттештер 21-мартка белгиленген.

Бишкекте Нооруз майрамы бардык райондордо өзүнчө программа менен өтөт. Майрам Карагачёвая роща аймагында саат 12:00дөн 16:00гө чейин уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, улуттук каада-салттар көрсөтүлөт. Концерттик программа, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулат.

Октябрь районунда иш-чаралар Ынтымак-2 паркында өтүп, анда концерт, улуттук жана спорттук оюндар, ошондой эле балдар жана чоңдор үчүн ар кандай көңүл ачуучу программалар уюштурулат.

Ленин районунда майрам Газпром — балдарга дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде башталат. Бул жерде этношаарча, көргөзмөлөр, мастер-класстар жана концерттик программа өтөт. Ошондой эле Ак-Орго конушундагы Ашар паркында саат 15:00дөн тарта этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий иш-чаралар уюштурулат. Биринчи Май районунда болсо майрам Ак-Босого конушунда өтүп, анда да боз үйлөр тигилип, элдик оюндар жана концерттер болот.

Мындан тышкары, Манас шаарында да кеңири программадагы салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Шаар тургундары жана коноктору үчүн театралдаштырылган оюн-зооктор, чоң концерттик программа, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси жана улуттук спорттук мелдештер даярдалган. Саат 14:00дө Барпы атындагы театрда төкмө акындардын айтышы өтөт. Кечкисин саат 18:00дө Азаттык аянтында майрамдык чоң шоу-концерт уюштурулуп, белгилүү эстрада жылдыздары өнөр көрсөтүшөт.

Ал эми быйыл Нооруз майрамынын негизги республикалык салтанаты Нарын шаарында өтөт. Майрамга Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө. Иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта саат 11:00дө башталып, расмий бөлүктөн кийин конокторго сүмөлөк тартууланат. Ошондой эле улуттук спорт оюндары, күндүзгү жана кечки концерттик программалар уюштурулуп, майрамдык салтанат фейерверк менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Нооруз майрамы өлкөнүн ар кайсы аймактарында кезектешип улуттук деңгээлде өткөрүлүп келет. Буга чейин негизги салтанаттар Ош жана Баткен шаарларында өткөн.

 

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар