Башкы беткеМаанилүү"Президент Садыр Жапаров ШКУнун орток финансылык институттарын түзүүнү сунуштады"

«Президент Садыр Жапаров ШКУнун орток финансылык институттарын түзүүнү сунуштады»

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде Өнүктүрүү банкы менен Өнүктүрүү жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУ өлкөлөрү үчүн жаңы транспорттук каттамдарды ачып, эл аралык автоунаа жана темир жол ташууларына жагымдуу шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштө биргеликте аракет кылуусу маанилүү.

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Беларусь лидерлери, Индиянын премьер-министри, Ирандын президенти жана Пакистандын премьер-министри катышууда.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар