Президент Садыр Жапаров Афганистандын чыгышындагы Кунар провинциясындагы жер титирөөдөн улам жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Афган элине жана өлкө жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, күчү 6 баллга жеткен зилзалада 800дөн ашуун адам каза таап, 2800дөн ашык киши жаракат алган.

