Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧет элдиктерди каттоо боюнча жаңы талаптар сунушталды

Чет элдиктерди каттоо боюнча жаңы талаптар сунушталды

Министрлер кабинети чет элдиктерди каттоо тартибин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоорго ылайык, бир батирде катталган чет элдиктердин саны 10дон ашпашы керек. Башка өлкөдөн келген жарандарды убактылуу жайгаштырган жеке же юридикалык жактар аларды милдеттүү түрдө каттоого тийиш, ал эми чет элдиктер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга баруусу милдеттүү эмес.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана кайрылмандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы шарт.

Документ өлкө аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар