30-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында карыз милдеттенмелерин санариптештирүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору «Которулма жана жөнөкөй карыз милдеттенмелерине бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдиргендей, демилгенин негизги максаты – өлкөнүн каржы инфраструктурасын жаңылоо жана карыздык документтердин жүгүртүлүшүн санарип форматка өткөрүү.
Анын айтымында, бул багытта каржы инструменттери менен иштөөгө арналган атайын электрондук платформа иштелип чыгат. Мындай система карыз документтерин колдонуу процессин жеңилдетип, ачык-айкындуулукту камсыз кылат. Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан санариптештирүү пландары тууралуу кошумча маалыматка кызыкты. Ал эми депутат Бурул Аманова электрондук каржы системаларында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Белгилей кетсек, карыз милдеттенмеси — бул белгилүү мөөнөттө акча төлөп берүү тууралуу расмий документ. Жаңы мыйзам кабыл алынса, мындай документтерди электрондук форматта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

