Чүй облусунун Панфилов районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ) заманбап УДИ аппараты менен жабдылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабдуу бейтаптарга ыкчам жана так диагностика жүргүзүүгө шарт түзүп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын кыйла жогорулатат.
УДИ дарыгери Аида Орунбаеванын айтымында, допплер функциясы бар жаңы жабдуу үч жогорку тактыктагы датчик жана принтер менен жабдылгандыктан, визуалдык көрүүнүн сапаты мурунку моделдерге салыштырмалуу бир топ жакшырган.
«Бул жабдуу мурда байкалбай калышы мүмкүн патологияларды аныктоого, изилдөөнү кыйла деталдуу жана так жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деген дарыгер.

