29-майда Бишкек шаарында «Дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна коркунуч туудурган жагдайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ШКУ алкагында өз ара аракеттенүүсү” аталышындагы эл аралык тегерек үстөл болуп өттү. Эксперттердин пикирлерин угуп отуруп, Кыргызстан дагы деле болсо кооптуу кырдаалда экенин, коңшу мамлекеттер, дүйнөлүк геосаясат кайда бара жатканына али баш оорута электигибизди түшүнгөндөй болдум. Бул тегерек үстөлдөгү айтылгандарга мамлекеттик структурадагылар бир аз болсо да ой толгоп, анализ кылышар деген үмүт бар.
Аталган тегерек үстөлдү “Ой ордо” экономикалык изилдөө борборунун директору Игорь Шестаков ачып, ШКУда дүйнө элинин жарымы жашарын жана келечекте ал БУУ сыяктуу таасирдүү уюмдардын бири болоруна токтолду. “Бүгүнкү оңой эмес геосаясий кырдаалда ШКУ дүйнөлүк глобалдык деңгээлдеги геосаясий векторлорду аныктоо боюнча өзүнө жоопкерчиликти ала турган эл аралык уюм жана эл аралык фундаменталдык соода аянтчасы болуп калышы мүмкүн. Уюмдун доктринасын эске алсак, ШКУ, ага мүчө өлкөлөр экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу саясаты боюнча эл аралык процесстерге чоң салым кошуп келе жатат. Уюм, уюм мүчөлөрү Брюссель менен Вашингтон санкцияларында алардын жетегинде калган жок. Мамилелер динамикасын карасак акыркы эки жылда ШКУга мүчө өлкөлөр менен Россия ортосундагы товар жүгүртүүлөр 10 пайызга өскөн. Бул албетте, Россия менен товар жүгүртүүсүн кеңейтип жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнө да тиешелүү. Бул жагынан алганда ШКУ батыштын саясий популизми стратегиялык өнөктөштүктүн принциби болбой турганын көрсөттү. Жалпысынан алганда ШКУну бүгүн жагымдуу инвестициялык хаб катары карасак болот. Кошумчалай кетүүчү нерсе, быйыл Дональд Трамптын дүйнө өлкөлөрү үчүн бекиткен тарифи көп талкуу жаратты. Мунун өзү дүйнөлүк глобалдык экономикалык мамилелерди түзгүсү келген Вашингтондун Кытайды алдыңкы держава катары көргүсү келбегенин ачык эле көрсөттү”, – дейт И.Шестаков.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Байкадам Курамаев Украинадагы согуштун башталышы жана Дональд Трамптын бийликке келиши Россияга каршы болуп көрбөгөндөй жана ага союздаш болгон өлкөлөргө экинчи даражадагы санкцияларды жаратканын ортого салды. “Чынында “бажы пошлиналарынын согушу” дүйнөдөгү экономикалык хаосту жаратмак. Себеби, АКШ дүйнөнүн кошмо штаттар менен соода жүргүзгөн 180 өлкөсүнө каршы ар кандай пошлиналарды киргизип, алар Кытай мамлекетине каршы 10 пайыздан 145 пайызга чейин болду. Бирок, Кытай мындан коркпой туруп буга чейин кызматташып келе жаткан өлкөлөргө ишенимдүү өнөктөш экенин көрсөтүп, дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнүн стабилизатору экенин далилдеди. Туура бир жарым жылдан кийин АКШ Кытай менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп өзүнүн 145 пайыздык ставкасын 30 пайызга чейин түшүрдү. Бир айдан кийин Кытай салык пошлинасын 10 пайызга түшүрдү. Ошентип учурда дүйнөлүк экономикада тартип сакталып калды. Муну эске алуу менен Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу экономиканы, туруктуу тышкы саясатты жүргүзгөн стратегиялык өнөктөш болгон Кытай менен мамилени бекемдөө абдан маанилүү. Азыр бул өлкөнүн насыялык каражаты дүйнөлүк 7 финансылык институттун каражатын бириктирип алгандан да көбүрөөк. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү Кытай жана ШКУга мүчө өлкөлөр менен тыгыз кызматташуулары керек. Бул аймактык коопсуздугубуз үчүн дагы пайдалуу”, – дейт Б.Курамаев.
Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана финансылык көзөмөл кафедрасынын башчысы, профессор Гурас Жапаровдун пикиринче, азыр кайсыл өлкө саясий, экономикалык жактан күчтүү болсо ошол дүйнөлүк экономикадагы туруктуу системаны каалагандай калчай алат. “Ошол себептен Борбор Азия азыр экономикалык, саясий, социалдык бирдик же субъект болушу керек. Биз азыр АКШ-Борбор Азия, Кытай-Борбор Азия, Россия-Борбор Азия жолугушууларына, сүйлөшүүлөрүнө күбө болуп жатабыз. Башкача айтканда, дүйнөлүк коомчулук Борбор Азияны бир бүтүн катары карайт. Ошондуктан Евробиримдик сыяктуу ички укуктук маселелерибизди чечип алышыбыз керек. Тагыраагы, ШКУ жана башка биз мүчө болгон башка эл аралык ири уюмдарга каршы келбей турган бирдиктүү бажы союзун, бирдиктүү валютабызды түзүп алуубуз кажет. Менимче, ШКУда экономикалык-финансылык маселелерди күн тартибине алып чыгуу жетишпей жатат. Эгер ШКУ муну туура чечип алса иш алдыга жылат. Кыргызстандын бир ишканасы менен банкы батыштын санкцияларына туш болгондуктан бул маселелерде албетте бардык эл аралык нормативдерди, тартиптерди сакташыбыз керек. Албетте, азыр Казакстан, Өзбекстан эл аралык аренада өзүн Борбор Азиядагы негизги оюнчу, лидер катары көргөзгүсү келип жатат. Бирок, бул өлкөлөр баары бир бардык борборазиялык өлкөлөрдүн бирдиктүү колдоосуна муктаж. Ошондуктан ШКУ алкагында саясий, экономикалык, социалдык манипуляцияларга туруштук бере ала турган Евробиримдик сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин түзүшүбүз керек”, – дейт Г.Жапаров.
Тегерек үстөлгө катышкан аскердик эксперт Нурлан Досалиев учурда глобалдык ири оюнчулар ортосунда кадимкидей эле дүйнөлүк тирешүү, саясий-экономикалык, маалыматтык согуш жүрүп жатканын ортого салды. “Азыр АКШдан, Евробиримдиктен, башка өлкөлөрдөн бизге ар кандай ыйгарым укуктуу өлкөлөр келип жатышат. Алар бул жакта өздөрүнүн Борбор Азияны бириндетүү саясатын жүргүзүү үчүн келишет. Өткөн жумада эле америкалык саясатчылар Борбор Азияга Азербайжанды кошуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул да жөн жерден эмес. Пакистан, Индияны кагыштыруу аракети да Кытайга каршы атайын жасалды. Анткени эки өлкө тең ШКУга мүчө. Ошол себептен батыш ШКУну милтеге алып жатат. Кытай муну түшүнүп туруп Трамп тарифтерди киргизер замат деңиздердеги масштабдуу машыгууларды өткөрдү. Бул дүйнөлүк экономика менен согуштун айкалышынын бирден бир далили. Биз да мындан эч жакка качып кутула албайбыз. Ошондуктан Борбор Азиянын аскердик потенциалы региондун суу, энергетикалык, аймактык коопсуздугун камсыздай алабы дегенге маани беришибиз керек. Коопсуздук болбосо экономика да, өнүгүү да болбойт. Батыш бизди көзөмөлгө алып туруш үчүн Афганистанды “Дамокл кылычы” кылып койду. Бул аз келгенсип батыш гуманитардык жардам программаларын жамынып Борбор Азиянын органикалык, суу секторуна кийлигишип, постсоветтик өлкөлөрдүн ортосуна шынаа болуп урулуп жатат. Ири алдыда ушул тууралуу кеп кылышыбыз керек”, – дейт Н.Досалиев.
Аталган иш-чарага онлайн катышкан Өзбекстандан “Борбордук Евразия” аналитикалык тобунун жетекчиси, саясий илимдеринин кандидаты Владимир Паромонов Борбор Азия АКШга, Дональд Трамптын командасына экономикалык бизнес приоритети жаатында анчейин кызык эмес экенин билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрү биригип көлөмдүү рынок, бирдиктүү регион болгубуз келбеген соң экономиканын глобалдык саясий оюнчуларына кызыксызбыз. Ошондуктан америкалык ири инвестицияларга ишеним артпай эле коюшубуз керек. Негизги салттуу өнөктөшүбүз илгертен эле Кытай менен Россия экени талашсыз. Америка азыр мурдагыдай эле Кытайдын күчтөнүшүнө тынчсызданып жатат. Ошондой эле Вашингтонду Россия менен Кытайдын ар тараптуу кызматташуусу, бул эки державанын Борбор Азия чөлкөмүндө таасири артып бара жатканы тынчсыздандырууда. Ошол себептен АКШ санкциялык, тарифтик оюндарды кылып жатат. Бирок, мунун баары Трамп ойлогондой натыйжалуу болбойт. Анын үстүнө Америка 90-жылдардын башындагыдай күчтүү, таасирдүү эмес. Ошондуктан мурдагыдай экономикалык экспансия кыла албайт. Ошентсе да Россия мурдагыдай биздин региондун экономикалык локомотиви боло албай жатканын моюндашыбыз керек. ЕвразЕШ, ЕАЭБ алкагында кандайдыр бир кызматташтыктар жүрүп жатат, бирок, системдүү секирик жасай турган экономикалык долбоорлор жок болуп жатат. Биздин мигранттар Россиянын ири шаарларына, Москвага барып иштешкени менен Сибирь, Ыраакы Чыгыш өздөштүрүлбөй жатат. Борбор Азия, Россиянын өнүгүү максаты, багыты кандай экени али белгисиз. Россия менен Борбор Азиянын ортосунда дисциплина, мамлекеттер аралык кандай узак мөөнөттүү ири долбоорлор ишке ашканын ким айта алат? Тилекке каршы андай жок. Кытай менен деле ушундай акыбал. 30 жыл ичинде Кытай менен биргеликте Борбор Азияда кандайдыр бир ири экономикалык долбоор ишке ашкан жок. Бул чоң көйгөй. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу 30 жылга жакын убакыттан бери келатып эми араң жылымыш болуп жатат. Сөзүмдүн аягында маселе Борбор Азияда эмес, маселе Россия, Кытай, АКШнын Борбор Азия потенциалын тартуу менен геоэкономикалык мамилелерди жакшыртуусунда”, – дейт В.Парамонов.
Экономика жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алмаз Насыровдун айтымында, АКШ Борбор Азиянын негизги соода өнөктөшү болбогондуктан Д.Трамп киргизген пошлина бул региондун экономикасына азырынча көп таасир этпейт. “Бирок, АКШнын тарифтик кысымынын таасири жакынкы аралыкта Борбор Азия өлкөлөрүндө билине баштайт. Себеби, АКШ тарифтери дүйнөлүк соодадагы соода чынжырчасынын бузулушуна алып келет. Натыйжада ал ири мамлекеттерге таасир этет дагы алардын өнөктөштөрү болгон кичинекей мамлекеттердин экономикасы да жабыркайт. Кытай жана орто өнүккөн мамлекеттерге зыян келип, ал бизге да тиет. Кыскасы тарифтик согуштан эч ким утпайт. Бул багыттан алганда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биригүүсү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, интеграциялык бирикмелердин ачылышын, жаңы өз ара кызматташууларды бериши мүмкүн. Экинчи жагынан биригүү регионалдык мүнөздөгү конфликттерди жаратышы мүмкүн. Айрыкча, жаңы глобалдык оюнчулардын астында лидерликти талашуу чыгышы мүмкүн. Ошондуктан эксперттик коомду учурдагы интеграциялык бирикмелердин жетишкендиктерин жана тобокелчиликтерин дыкат изилдөөгө чакырат элем”, – дейт А. Насыров.
“Борбор Азия өлкөлөрүнүн коомдук мамилелерин өнүктүрүү институту” коомдук фондунун директору Калдан Эрназарова Кытайдын жүздөгөн акыл борборлору, институттары мамлекеттин каражатына иштеп жатышканын жана алар өздөрүнүн ийгиликтүү долбоорлоруна борбор-азиялыктарды аралаштырууну анча каалашпай турганын билдирди. “Ал үчүн биз өзүбүз аларга жаңы демилгелерди сунушташыбыз керек. ШКУнун эки негизги мүчөлөрү болгон Россия, Кытай – Россия демилгеси менен түзүлгөн БРИКСте болгондуктан биз дагы ал бирикмеге активдүү аралашууга аракет кылышыбыз керек. Анан Борбор Азиялык бирикме катары өзүбүздү көбүрөөк таанытышыбыз керек. Себеби, геосайсия кырдаал бизден ушундай аракеттерди талап кылып жатат”, – дейт аталган фонддун жетекчиси К.Эрназарова.
Тегерек үстөлдө системдүү аналитик Мурат Мусабаев сөз сүйлөп, сырткы жана ички тарифтик саясат мамлекеттик башкаруу эффективдүүлүгүнүн беш түркүгүнүн бири экендигин баса белгиледи. “Бир мезгилдерде Кыргызстан, Россия, Казакстан жанталашып Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) киргенбиз. Уюм документ боюнча негизи эл аралык эркин рыноктогу мамлекеттердин тарифтик саясатын жөнгө салмак. А иш жүзүндө өнүккөн өлкөлөр өнүкпөгөн өлкөлөрдүн сырёлук секторлоруна кирип продукция бөлүштүрүү келишимдерин түзүү менен түз айтканда ал өлкөлөрдү тоноп, сырёлук кошумча өнүмгө айландырышты. А тереңдетилген технологиялык жогорку үлүштөгү кайра иштетүү өздөрүндө калды. Ошентип бул жактардан сырёлорду чыгарып кетишкени аз келгенсип алар ал жактан аябай чоң киреше табышып, сырьёлорду бөлүштүрүү аркылуу да аябай маа-рышкан. Натыйжада бардык өлкөлөрдө (анын ичинде постсоветтик өлкөлөр да бар) улуттук саясий элиталар тиешелүү структуралар аркылуу өнүккөн мамлекеттерге иштеген марионеткага, колоборанттарга айланган. БДСУ рынокторду ачып, тарифтерди жөнгө салганы менен анда уюм катышуучуларынын коопсуз абалын камсыздоону көзөмөлдөөчү орган жок.
Башкача, айтканда уюм мүчөлөрү эмненин эсебинен бири-бири менен соода кылат?! Жакында кока-кола Россиядан чыгып, Өзбекстанга ташылып жатканы тууралуу маалымат чыкты. Чоң, кичине мамлекеттер бири-бири менен натыйжалуу соода кылгылары келсе ушундай болуп башкаларга преференцияларды бериши керек.
Мисалы, бизде бир нерсе өндүрүшсүн ошондон түшкөн пайдага биз өндүрүлгөн товардан сатып алабыз. Ошондо соода өз ара пайдалуу болот. Ошондуктан алгач коопсуздук, экономикалык байланыш багытында түзүлгөн ШКУда да кайсы бир мамлекеттин диктатурасы болбош керек. А биз 95 пайыз импорт менен жашап жатабыз. Анан кайдан деиндустриялация болсун”, – дейт М.Мусабаев.
Аналитиктин айтымында, дүйнөлүк сооданын 85 пайызы доллар менен жүргүзүлүп, көп өлкөлөрдүн валюталык резервинин 85 пайызы доллар менен болгондуктан Американын экономикасы жакшы болуп келген. Эми ал 65 пайызга түшүп калгандыктан Дональд Трамп тынчсыздана баштаган. “Ошол себептен АКШ Европа менен Кытайга буга чейин силердин технологиялык товарларыңарды биз сатып алып келгенбиз деген доомат коюп жатат. АКШнын ИДПсынын басымдуу бөлүгү валюталык алып-сатуудан толукталып келген. Эми өлкөлөр өз валюталары менен соода кылыша баштаганда Америка жанталаша баштады. Кыргызстан үчүн да ошондой “жыргал заман” аякташы мүмкүн. Мына тырмактай болгон Англия сырттан акча жасап жатат. А биз качан инвестор келет деп отурабыз. А инвестор ким? Аларды иргебесек инвес-тор атын жамынган шылуундардын баары бизге келип жатат. Инвестор чет өлкөлүк болсо эле биз ага эрип, жабышып жатып калып жатабыз”, – дейт системдүү аналитик.
Евроазия биримдигинин товардык-сырьё биржасынын президенти Михаил Петров батыштын «ким командада, ким олжону кандай бөлүштүрөт” деген эле түшүнүгү бар экенин ортого салды. “Аларда башка логикалык элементтер болбойт. Андыктан ал тараптан эч кандай ири инвестор болбойт. Биздин эң ири кошуналарыбыз Кытай, Россия. Экөөнүн философиясы эки башка болгону менен кошуналар менен бирдей даражада кызматташууну каалайт. Мындай мамилени биз ушул мамлекеттер менен эле кыла алабыз. Батыш, батыштык өлкөлөр эч качан биз менен дос, ишенимдүү өнөктөш боло албайт.
БРИКСке келсек, ал азыр дүйнөнүн өнүгүү багытын өзгөртө турган бирден-бир эл аралык долбоор. Экономикалык өнүгүүлөрдүн көбү так ушул БРИКСке мүчө өлкөлөрдө болуп жатат. Бул уюмдун калыс, кошуналык мамиле кылуу логикасы менен таптакыр башка принципке көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү бар. Ооба, бул азыр жаңыдан жаралуу мезгилинде турат. Бирок, дүйнө өлкөлөрүнүн кызыгуусун жаратты.
Ошондуктан эртең эле БРИКС банкы ачылып, баары иштеп кетет дегенге азыр эрте. Бирок, Кыргызстандын ал жакта жок болуп жатканы мага таң калычтуу. Менимче, ал уюмда биз ири өлкөлөр ортосунда кичинекей кызмат көрсөтүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда болуу менен Швейцариядай бай мамлекет боло алабыз. Кезинде Швейцария деле трансевропалык операцияларды жасоо менен экономикасын көтөргөн. Албетте, мындай уюмдарга кирүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында ким лидер болот деген маселе бар.
Бирок, мындай жерде Борбор Азия өлкөлөрү өз алдыларынча негизги оюнчу боло албайт. Башкы оюнчулар өнүккөн экономикасы бар, салмактуу коңшулар болот. Чоң өлкөлөргө биз аркылуу иштөө канчалык ыңгайлуу болсо, биз ошончолук тез өнүгөбүз”, – дейт М.Петров.
Экономист, аналитик Бактыбек Саипбаев Борбор Азия өлкөлөрүн ири державалар толугу менен өз багытынан адаштырып койгонун баса белгиледи. “Кезинде Фридрих Стардын колу менен Борбор Азия үчүн кошоматчылык формулировкасы киргизилген. Ошону менен бирге эле ал Борбор Азия өлкөлөрүнө акырындык менен Афганистанды байлап койду. А чынында мурда 15 союздук республика СССРдин катарында болчу. Афганистан илгертен эле тынчыбай, тынчтык орбитасына киргизүү маселе болуп келген. Бул бир.
Экинчиден, эми Америка Борбор Азияны чоң Борбор Азия кылабыз деп Азербайжанды кошкусу келип турат. Геоэкологиялык жактан алганда бул толук башаламандык. Себеби, географиялык, экологиялык көз караштан алганда Борбор Азия бардык борборазиялык союздук республикаларды, Афганистандын, Пакистандын, Индиянын, Ирандын бир бөлүгүн, СУАРды, Монголияны, Тибеттин бир бөлүгүн, Алтайды толугу менен өзүнө камтыйт.
Ошондуктан бизди Борбордук Евразия деп атаса туура болот. Себеби, Казакстандын бир бөлүгү Европада жайгашкан, анын үстүнө Азербайжан кирсе анда чыны менен Борбордук Евразия болуп калабыз. Эми ШКУ жөнүндө айтсак, анын негизги максаты коопсуздук, стабилдүүлүктү камсыз кылуу болчу. Азыр коопсуздук маселеси мурдагыдан да актуалдуу болуп калды. Бекеринен ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Евразиянын коопсуздугу тууралуу кеп кылган жок. Себеби, азыр ар тараптан кооптуулук жаралып жатат. Ошол эле азыр да тынчыбай жаткан Афганистан, Индия менен Пакистан тиреши бар, СУАР маселесин эч ким алып таштай элек. Аны батыштын айрым ири оюнчулары көзүр карта катары кармап турушат. Ошондуктан коопсуздук, стабилдүүлүк маселеси ушул тапта биринчи орунда турат.
Ал эми ШКУну өнүктүрүү маселесине келсек бул уюм 25 жылдан бери жай да эмес, катуу да эмес жылып келе жатат. Кандайдыр бир интегративдик процесстер жүрүп жатат. Россия, Кытайдын айрым геосаясий кызыкчылыктары да таңууланып жатканы талашсыз. Россия биздин региондо атомдук электр станцияларын куруу менен энергетикалык таасирин, күчүн күчөтүп жатат. Кытай болсо ири альтернативдүү энергия булактарынын жабдыктарын чыгаруучу өлкө. Ошондуктан бул жагынан Кытай, Россия бизге чоң жардам бере алат.
Ошол эле кезде климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөр жыл санап азайып бара жатат. Аны эске алуу менен Кыргызстан менен Тажикстан Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан жана Россия, Кытайдан мөңгүлөрдү сактоо боюнча жардам сурашы керек. А мөңгүлөрдү бир гана биологиялык жол менен, тянь-шань карагайларын көбөйтүү менен гана сактап кала алабыз. Мындан сырткары Арал деңизинен көтөрүлгөн туз, чаңдар мөңгүлөрүбүздү эритип жатат. Аны азайтуу үчүн Россиядан жардам сурап, кадимки суу түтүктөрү аркылуу Сибирь дарыяларынан сугатка пайдаланышыбыз керек. Ансыз деле жаз айларында Сибирдеги калктуу пункттарды, талааларды жылыга суу каптап жатат. А Борбор Азияда суу жетишсиз болуп жатат. А Трамптын тариф саясаты, АКШнын, Европанын тынчсыздануулары алардын жаңы сырьё булактарын издөө максаты экени түшүнүктүү. Россиянын бош жерлерине АКШ, Европа келе электе ШКУ бул маселени эртелеп ойлонушу керек”, – дейт Бактыбек Саипбаев.
Тегерек үстөлдүн аягында көз карандысыз эксперт Марат Абдылдаев сөз сүйлөп Кыргызстанга өз алдынча мобилизациялануу мезгили келгенине токтолду. “Буга чейин батыштык глобалдык таасирлер үстөмдүк кылып, экономикабызга негативдүү, айрым жерлерде кыйратуучу салым кошту. Азыр да Кытайдын, Россиянын, коңшу стратегиялык өнөктөштөрдүн таасири кандай болорун айта албайбыз. Ошондуктан Кыргызстандагы бизнес коомчулук менен да тыгыз кызматташып, конкреттүү иш-чараларды, демилгелерди баштаганыбыз оң.
Себеби, алар регионалдык изилдөөлөрдү каржылап берсе, иш бир кыйла майнаптуу болмок. Ал тургай ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ уюмдарында ушундай иш-чаралардын уюштуруучуларынан болушубуз керек. Эгер мамлекеттик мекемелерде саясий ресурс болсо ушундай көз карандысыз аянтчаларды колдонуп иштесе да болот”, – дейт Марат Абдылдаев.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”