Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты.
Бул тууралуу мамлекет башчы 11-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген чакан маегинде билдирди. “Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да”, — деди Жапаров.
Ал эми Качкын президент Курманбек Бакиев менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Кыргызстанга кайтаруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, “эгер камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз” деген талап коюлганын айтты.
“Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаны бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го”, — деди президент “Кабар” агенттигине.
Ал Бакиевдер алып келинсе ячейкаларда канча акча болгону, канча алтын уурдалып кеткени тууралуу маалымат алууга болорун кошумчалады. Мындан тышкары, апрель, июнь окуялары боюнча Курманбек Бакиевди экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктаса болорун белгиледи.