Украина дрондор менен Москва жана Подмосковьеге массалык чабуул жасап, бир адам каза болуп, бир нечеси жабыркаганы айтылды.
Дагы эмне белгилүү:
Собянин Москваны көздөй учурулган 73 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады
Дрондордун калдыктары Раменское шаарындагы көп кабаттуу үйдүн үстүнө түшүп, кеминде жети батир жабыркап, ал жерден 12 адам эвакуацияланган. Башка да бир нече үйлөр жабыркаган
Домодедово, Шереметьево, Внуково, Жуковский аэропортторунда, ошондой эле Нижний Новгороддогу Стригино жана Ярославлдагы Туношна аэропортторунда аба каттамдары токтотулду
«Жогорку даражалуу чет элдик делегациянын Москвага сапары биринчи жолу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн дрондору менен коштолуп жаткан жок. ЕККУнун башкы катчысы Москвага келген бүгүн түнү да киев бийлиги учкучсуз аппараттарын жөнөткөн«, — деген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.