whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАвтобустун жолун торогон айдоочуга 3000 сом айып салынды

Автобустун жолун торогон айдоочуга 3000 сом айып салынды

Бишкекте жеке унаанын айдоочусу коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, алдын тороп токтоткону үчүн 3000 сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу автобус жүрүп жаткан жол тилкесин тороп, токтоп калган. Окуя видеого түшүп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Видеону «Бишкекшаартранс» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров жарыялаган. Анда автобустун айдоочусу жаңы конуштардын биринде көчөнүн бурчун жеке автоунаа тосуп турганын айтып, бурчтан бурула албай жатканына даттанат. Ал унаа ээсине кайрылганы менен ал эч кандай чара көрбөгөн.

ИИМ башкармалыгы мындай эреже бузуулар коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна залака тийгизерин эскертип, жарандарды жол эрежелерин сактоого чакырды.

ИИМ ушундай учурлар кайталанса же күбө болсоңуздар, 0777 102 102 WhatsApp ишеним номери аркылуу маалымат жөнөтүүнү суранат. Тийиштүү чаралар сөзсүз көрүлөт.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

1 ПИКИР

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар