whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭне тилибизди жакырлантпайлы

Эне тилибизди жакырлантпайлы

Президенттин «Уңгу жол» жөнүндө жарлыгында улуттук эне тилибиздин орду жана вазипасы жөнүндө кенен кесири белгиленген. Жакында Министрлер Кабинети мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага ылайык жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлер 2025-жылдан тартып орто деңгээлден, 2027-жылдан тартып жогорку деңгээлден төмөн эмес билүүсү керек. Мындай токтомдун кабыл алынышы эң туура болду деген ойдомун. Себеби дегенде, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган мезгилден бери, отуз беш жыл аралыгында эне тилибиздин өнүгүш деңгээли өркүндөп өсүп кетти деп айтуу кыйын. Тескерисинче, төмөндөөнүн үстүндө. Буга  көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Келегей тилде сүйлөгөн, же кыргызча суроо берсең орусча жооп берген «киргиздердин» саны улам барган сайын өсүп жатканын көрүп, билип жүрөбүз.

Айрыкча борбор шаарыбыз Бишкектин жашоочуларынын 80%ы орусча сүйлөшөт. Коомдук жайларда, көчөдө авто унааларда, соода борборлорунда кыргыздар бири-бири менен орусча сүйлөшүп жатканын кадам сайын көрүүгө болот. Ата-энелеринин жана тарбиячылардын эне тилге болгон кайдыгерлик мамилесинен улам, мектеп окуучулары жана бала-бакчанын тарбиялануучулары орусча ойлогондорун кыргызча айтып бере алышпайт, турмуш-тиричилик, үй буюмдарынын кыргызча аталышын билишпейт.

«Манастай» теңдеши жок улуу эпосту жараткан кыргыз тилин аманат катары ата- бабаларыбыз бизге мураска калтырган. Ошол мурасты көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга жеткирип, өткөрүп берүү азыркы улуу муундагы өкүлдөрүнүн түздөн түз милдети болуп саналат. Президентибиз айткандай, тилди сактоо – улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карап, эне тилибизди ыйык туталы деп байма-бай айтып келебиз.

Ошол ыйык туткан тилибиз, улуттук аң сезимди, руханий дөөлөттү маданий байлыкты коомго жайылтып жеткирип турган баа жеткис зор каражат. Мамлекеттик тилди учурда, кыргыздар өзүбүз кандай колдонуп жатабыз деген суроо жаралат. Тилекке каршы, коомдук-саясий жана маданий тармактарында, мамлекеттик кызматтарда жана бийлик бутактарында, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндө тилдин колдонулушу, айрым учурда, көйгөй жаратып, талапка ылайык келбеген фактылар менен коштолот. Кыргыз тилинин грамматика эрежелери сакталбай, адабий тилдин нормалары бузулуп жаткан көп учурлар кездешет. Мисалга алсак, Жогорку Кеңештин трибунасынан бир депутат «даяр» деген сөздүн ордуна «дайын» деген сөздү бир нече жолу кайталап, бышыктап, залда отурган катышуучулардын бардыгын туюндуруп койгондой сезим калтырат. Андан бери, эки жылдан ашык убакыт аралыгында эл өкүлдөрүнүн лексикондоруна бекем сиңип, орноп калганбы, айтор эки сөздүн айтылышы, жазылышы, мааниси таптакыр башка экендигине карабастан, азыркыга чейин, чаташтырып колдонуп келишүүдө. Анысы аз келгенсип, айрым депутаттар сүйлөгөн сөзүн кыргызча баштап, шашылыш түрдө орусчага өтүп, залда отурган жалаң кыргыздарга оюндагысын баяндайт. Мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик тилге кедерги, залакасын тийгизип жаткан эл өкүлүнө мыйзамчылардын бири да эскертип, оңдоп, түзөп коюуга жарабагандыгы, үн катпагандыгы таңгалтырат.

Мамлекеттик тил комиссиясы мындай көрүнүштөргө чара көрө албайбы?, – деген суроо жарандардын тынчын алып, түйшөлтүүдө. Ал эми калкыбыздын күнүмдүк турмушунда эне тилдин колдонулушуна саресеп салсак, илгерки көчмөндөр заманынан берки жашоо тиричилигинде колдонулган керектүү буюм-тайымдарын, анын ичинде боз үйдүн жасалгаларын, ат жабдыктарын, улуттук кийим-кече, тамак-аш аталыштарын болочок жаштар эмес, улгайып калган кары-картаңдар арасынан толук билгендерин издеп табуу өтө кыйын. Мындай жагдайларды аймактар боюнча иликтеп, республикалык масштабда өкмөттүк деңгээлде иш-чаралар жер-жерлерде жана жалпыга маалымат каражаттарында маданий массалык оюн-зоок, телеберүү мектептерде тематикалык тест, сынактар системдүү түрдө өткөрүлүп турушу кажет.

Дагы бир көйгөй жөнүндө сөз кылсак, ал башка элден оошуп келген сөздөрдүн кыргызчага которулушу. Илгертен эле кыргыздын төл сөздөрүнө айланып калган жүздөгөн орусча сөздөр бар, алардын күнүмдүк турмушта дайым колдонулуп келгендери булар: бөлкө (булка), бөтөлкө (бутылка), чайнек (чайник), мискей (миска), четчик (счетчик), стол (стол, стул), шапке (шапка), самөлөт (самолет), деректир (директор), ручке ( ручка), керебет (кровать), свет, зал, коридор, диван, шкаф, лампочка, карандаш, гезит (газета), ж.б.

Ошол эле учурда кээ бир терминдердин кыргызчага калпыстык менен, маанисиз которулганына көңүл бурууга туура келет. Телевизор – сыналгы, телефон-үналгы, директор – мүдүр, остановка – аялдама деп которулганы калкыбыздын купулуна толорлук маанай жарата алган жок. Сыналгыны көрүп отурам, үналгыдан сүйлөштүм, мүдүргө кирдим, аялдамада турам – деп, бир дагы кыргыз айтпайт. Бул сөздөрдүн өмүрү кыска, кыргыз коомчулугунан, анын лексикасынан орун таппай калды көрүнөт, андыктан, бөтөн элден оошкон сөздөрдү которууда өтө этият, кылдаттык жана жогорку чеберчилик менен мамиле талап кылынарын унутпасак.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүш үчүн ар бир кыргыз эне тилин жакшы билүүгө тийиш дегенибиз менен тилекке каршы, мындай сапатка умтулгандардын саны аз, ал эми нукура кыргызча айрым белгилүү сөздөрүн билбегендер калкыбыздын калың катмарын түзгөндүгү өкүндүрбөй койбойт. Мисалга алсак, көмөкөй, жамажай, көнчөк деген сөздөрүнөн түшүнүгү жок жарандар арабызда көп экендиги сурамжылап, иликтөөдөн улам белгилүү болгондугун айта кетүүм зарыл. Көрсө, ушул сыяктуу эле көп сейрек кездешүүчү жакшы сөздөрүбүздү колдонбой, бай тилибизди жакырлантып алган турбайбызбы. Түзүлгөн кырдаалды оңдош үчүн, эң оболу өзүбүз, айрыкча жаштар изденүү жолуна түшүп көп окуп, билимдүү болуу менен бирге башка элдердин тилин өздөштүрүп, ошол эле учурда эне тилибиздин кадыр-баркын бийик деңгээлге жеткирүү иш- аракеттерибизди милдеттүү түрдө жүзөгө ашырууну негизги максат кылып алууга тийишпиз.

Исламбек ТЕМИРАЛИЕВ,
Тоң районунун ардактуу атуулу, эмгек ардагери

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар