Ирак Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү Ашхабад шаарында ишин баштады. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Сердар Мухамметдурдыев дүйшөмбү күнү Ашхабаддагы Ирак элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Жассим Мохаммед Ал-Аттар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Мухамметдурдыев Ирак тарапка Ашхабад шаарында Ирак Республикасынын элчилигин ачуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ирактын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы эки өлкөнүн саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда өнөктөштүктү жолго коюу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле илим, билим берүү, спорт жана туризм тармактарында маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү перспективалары белгиленди.


