Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аялдар жамааты менен салтанаттуу жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.
МинКаб башчысы өз сөзүндө бул майрам аялга болгон урмат-сый маданиятына терең тамырлаганын, ал ар дайым кыргыз коомунун негизи болуп келгенин баса белгиледи.
«Бүгүнкү күн – жөн гана календардагы дата эмес, бул терең таазим кылуу күнү. Эне, эже, кыз – алардын ар бири эң жылуу мамилеге жана ыраазычылыкка татыктуу. Элибизде ар дайым айтылып келет: эркек – үй тиреги жана эл коргоочусу, ал эми аял – үй-бүлөнүн бакубаттуулугу жана улуттун негизи», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, аялдардын экономикадагы ролу өсүп жатканын белгиледи:
- Өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин 20%га жакынын аялдар башкарат.
- Аялдар билим берүү, санариптик кызмат көрсөтүү, өндүрүш жана соода тармактарында лидерлик кылууда.
МинКаб башчысы гендердик тең салмактуулукту чыңдоо боюнча мамлекеттик стратегиялык кадамдарды эске салды. 2026-жылдын 20-февралындагы президенттин жарлыгы мамлекеттик башкаруу системасында жаңы стандарттарды киргизген.
«Биз декларациялардан конкреттүү иш-аракеттерге өттүк. Президенттин жаңы указына ылайык, 2027-жылга чейин жетекчилик кызматтардын кадрдык резервиндеги аялдардын үлүшү 30% кем эмес болушу керек, ал эми 2030-жылга чейин бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда аялдардын жетекчилик кызматтардагы катышуусу 30 пайыздык деңгээлге жетиши керек», — деди Адылбек Касымалиев.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ал Администрациянын бир катар кызматкерлерин көп жылдык тажрыйбасы жана кынтыксыз кызматы үчүн өзгөчө белгиледи. Аялдардын интуициясы жана профессионализми мамлекеттик аппараттын ишинде ишенимдүү таяныч бойдон каларына ишеним билдирди.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Кыргызстандын бардык аялдарына бекем ден соолук, жазгы маанай, түгөнгүс күч-кубат жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

