Мамлекеттик экспертиза департаменти 2026-жылдын январь–февраль айларында 249 долбоордук-сметалык документти экспертизадан өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери департаментке жалпы 323 долбоордук-сметалык документ келип түшкөн. Анын ичинен 249 документ боюнча экспертиза жүргүзүлгөн. Алардын 192си 2025-жылдан 2026-жылга өткөрүлгөн долбоорлор, ал эми 57си ушул жылдын башында келип түшкөн жаңы документтер болуп эсептелет.
Учурда 151 документ кароодо жана экспертиза иштери улантылууда. Мындан тышкары, 115 документ кемчиликтерди жоюу жана толуктоо максатында кайра иштетүүгө кайтарылган.
Министрликтин маалыматына караганда, курулуш тармагында ар бир объекттин долбоордук-сметалык документи милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өткөрүлөт. Экспертизадан оң корутунду алынгандан кийин гана курулуш иштерин баштоого уруксат берилет. Бул процедура курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын жана техникалык нормаларга шайкештигин камсыз кылууга багытталган.


