Эдил Байсалов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кыргызстан гендердик теңчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууга берилгендигин дагы бир жолу тастыктады. Атап айтканда, Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартиби алкагындагы милдеттенмелер белгиленди.
Байсалов Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан мындай кылмыштарга нөлдүк сабырдуулук принцибин карманып, мыйзамдарды жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүнү улантууда.
Ошондой эле ал эл аралык укуктун нормаларын жана БУУнун Уставынын принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, азыркы чыр-чатактар шартында жарандык калкты, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо зарылдыгына көңүл бурду.
«Дүйнө чыр-чатак аймактарындагы аялдардын азап-тозокторуна көз жумуп туруп, аялдардын укуктары жөнүндө ишенимдүү айта албайт. Аялдарды коргоо эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керек», — деди Эдил Байсалов.
Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму теңчилик маселелеринде үлгү болушу керек экенин белгилеп, уюмдун тарыхында биринчи жолу аял киши башкы катчы болуп шайланууга убакыт келгенин айтты.
Азыркы учурда сессиянын ишине Кыргызстандын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы, бир катар министрликтер жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнөн турган делегация катышууда. Делегация пленардык жыйындарга, тематикалык талкууларга жана кошумча иш-чараларга активдүү катышып жатат.
Сессиянын алкагында Кыргызстан аялдардын укуктарын илгерилетүү, сот адилеттиги институттарын чыңдоо жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча бир катар улуттук иш-чараларды жана презентацияларды өткөрөт.

