Башкы беткеМаанилүүАскердик жана коопсуздук кызматкерлеринин ипотекасын мамлекет төлөйт

Аскердик жана коопсуздук кызматкерлеринин ипотекасын мамлекет төлөйт

Кыргызстандын министрлер кабинети аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ипотекалык төлөмдөрдү компенсациялоо боюнча жаңы тартипти бекитти.

Чечимге ылайык, эгерде аскер же милиция кызматкерлери коммерциялык банктар аркылуу же «Мамлекеттик ипотекалык компания»нын программалары аркылуу ипотека алган болсо, алардын кредиттик милдеттенмелерин мамлекет толугу менен өзүнө алат. Насыя толугу менен төлөнүп бүткөнгө чейин компенсация төлөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартип боюнча жүргүзүлөт.

Документте көрсөтүлгөндөй, бул жеңилдик 2025-жылдын 1-июлуна чейин коммерциялык банктар аркылуу ипотека алган жана бул күндөн кийин «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» программаларына кошулган кызматкерлерге тиешелүү.

Программа кызматкерлердин гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да ипотекалык төлөмдөрүнө жайылтылат. Бул болсо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн турак жайды дээрлик бекер кылып, социалдык коргоону олуттуу түрдө күчөтөт.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар