Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүү датасы 2026-жылдын июну деп белгиленип, эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Ушуга байланыштуу “Кыргыз Туусу” гезити интеллигенциябыздын алдыңкы өкүлдөрүнө төмөнкү үч суроо менен кайрылды эле.
- Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүү датасы 2026-жылдын июну деп аныкталды. Кыргызстан бул үчүн кандай даярдыктарды көрүү керек, эмнелерди жасашыбыз кажет?
- Ысык-Көл шеринесине кимдерди чакыруу керек деп ойлойсуз?
- Ысык-Көл шеринесинен эмнелерди күтөсүз?
Анда коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикирлерин окурмандарга сунуштоо менен, окурмандардан да сунуштарды, пикирлерди күтөбүз.
Нур Саралаев, УИАнын философия жана укук институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор
Глобалдуу маселелер козголсо
Бул форум юбилейлик жана эл аралык деңгээлде болуп жаткандан кийин, мамлекет форумдун аталышына жараша даярдыктарды көрүш керек.
1.1. ММКдарды толук мобилизациялоону уюштуруу. Ысык-Көл шеринесинин тарыхын, кандай маселе каралганын жана келечегин кеңири чагылдыруу.
1.2. Кимдерди чакырабыз, коноктордун санын тактоо.
1.3. Мурдагы катышкандардан барбы, же жокпу тактоо? Болсо ардактуу конок катары чакыруу.
1.4. Конокторду тосуу, жайгаштыруу маселелер жогорку деңгээлде болушун талап кылат.
1.5. “Ынтымак-Ордодо” Президенттин кабыл алуусу жана жолугушуусу абзел.
1.6. Ысык -Көл форумунун катышуучулары албетте Ч.Айтматовдун түбөлүк жаткан жери Ата-Бейитти көрүп таазим кылгысы келишет. Ошон үчүн ал жердеги уюштуруу маселелерине өкмөт, министрликтер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөру катышуусу зарылчылык.
1.7. Чоң эл аралык конференция, маданият өкүлдөрүнүн пикир алмашуусун (диалог) ММКда уюштуруу.
- Мурункусунда маданияттын өкүлдөрү катышып, маданият диалогу болуп калган. Азыркысында катышуучулардын составын кеңейтүү зарыл. Ысык Көл форумуна окшош эл аралык уюмдардын уюштуруу, өткөрүү, чакыруу тажрыйбаларын колдонуу керек.
- Согуш жана тынчтык, экология, гумандуулук, адамзатка таасирин тийгизе турган маалымат, жасалма интеллект проблемалары, медицина, биология илимдериндеги биотехнология маселелери.
3.2. Ысык Көл форумунун статусун, чакыруу мөөнөтүн, каржылоо маселелери каралышы керек.
3.3. Глобалдык маселелер боюнча кайрылуу кабыл алыш керек.
ПАЗЫЛОВ Абибилла, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

Харуки Мураками, Орхан Памук,
Олжас Сулейменов чакырылса
- Уюштуруу, даярдык иштери, албетте, зор мааниге ээ. Ири алды, форумдун жүрүшүндө талкуулана турган маселелерди, кабыл алынуучу чечимдердин долбоорлорун тактап, аларды анын болочок катышуучуларына күн мурунтан жеткирүү зарыл. Ошондо гана жеринде интеллектуалдардын мазмундуу, ачык-айрым пикир алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берген болобуз.
- Чыңгыз Айтматовдун жолун улап, форумга дүйнөдөгү белгилүү жазуучулар көбүрөөк чакырылса дейм. Мисалы, жапон жазуучусу Харуки Мураками, Нобелдин лауреаты Орхан Памук (Түркия), өзүбүздүн чөлкөмдөн Олжас Сулейменов…
- Береги эл аралык иш-чара өз деңгээлинде өтсө, анда адамзаттын учурдагы ой-жүгүртүүсүнүн жаңыланышына олуттуу салым кошулат. Маалым болгондой, азыр баягы атың өчкүр “кандуу согуштун” карааны Батышта, жалгыз эле Батышта эмес, Чыгышта да каңгып жүрөт.
Папан Дүйшөнбаев, жазуучу, изилдөөчү, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси:
Айтматов таануу институту ачылса 
“Ысык-Көл” шеринесинин биринчи отуруму Советтик элдин гана эмес, адамзаттын көпчүлүк бөлүгүнүн адабият менен искусство, элдик дипломатия дүйнөлүк эл аралык мамилелерди жакшыртат, гумандаштырат деген ишенимде болгон романтикалык мезгилинде өткөрүлгөн. 2000-жылдардын башталышында Айтматовдон: “өмүрүңүздөгү эң бактылуу кайсыл учур болгон?” дегендей мааниде суроо беришкенде: “Кайра куруу мезгили” деп жооп берген. Азыр андай романтика жок, эл аралык тажаал атаандашууларга, тирешүүлөргө алмашкан татаал мезгил, кырдаал бычак мизинде. Азыр андай шерине, форумдарга дүйнөлүк саясатчылардын эч кимиси деле чындап көңүл бурбайт. Ошондуктан мааракелик шерине ушул реалдулукту эске алуу менен, негизинен анын чыгармаларын пропагандалап жайылтуу, жаңы жактарын, кырларын-сырларын ачып берүү максатында өткөрүлүшүн каалаймын.
Абайды казактар кандай пропагандалашууда? Ага арналган бир журнал, атайын илимий-пропагандалык борбор да бар. Абайдын, Шаакеримдин, Ауэзовдун музейлери кандай реконструкцияланды? Анын 175 жылдыгында эл аралык мааниде 500 иш чара өткөрүлгөн. Дүйнөлүк болбосо да европалык ысымдары бар окумуштууларга буйрутма беришип, изилдөөлөрдү, монографияларды, илимий популярдуу китептерди жаздырып чыгарышууда. Абай жөнүндө дагы бир тарыхый көркөм роман жаздыруу маселесин көтөрүшүүдө. Айтматов жөнүндө бир роман жазылса, тилекке каршы, ал адабий очерктердин эле жыйнагы болуп калган.
Айтматовдун мурастарын жаңыча изилдөө, ар кандай алкактардын өңүттөрүндө пропагандалоо боюнча жогоруда айтылгандардын ондон бири да аткарыла элек. Айтматов өзү “эгерде грузин эли болбосо, “Жолборс терисин кийген баатыр” алда качан эле унутулмак” дегендей, майда элдердин эл аралык деңгээлде күчтүү сүрөөчүлөрү болбосо, улуу чыгармачылдары акырындап четке сүрүлө башташат. Ал процесс да байкала баштады. Адабияттагы атаандаштык — ат байгедей эле.
Менимче, айтматовтаанууну сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн атайын Айтматов борборун түзүү зарыл. Улуттук Академиядагы институт жалпы улуттук адабиятты, тилдик маселелерди изилдеп иликтөөлөрдү, алардын ичинде Айтматовго тиешелүүлөрдү гана жүргүзөт. Бирок, Айтматов улуу жазуучу гана эмес, ойчул философ, чоң мамлекеттик ишмер, саясатчы, социолог, белгилүү деңгээлде футуролог, социолог , педагог, эколог ж.б. да болгон да. Аларды айрымдар тийип-качып жазып жүрүшкөн менен алардын баштарын бириктирип, пландуу иш аракеттердин негизинде мамлекеттик деңгээлде системдүү комплекстүү изилдеген уюм жок. Ал борбордо жазуучунун жалпы эл кирип көрө турган чоң музейи да болуусу зарыл. Мамлекеттик резиденциядагы үй музейине каалагандардын баары эле кире алышпайт. Алысты айтпай эле коелу, кошуна өлкөлөрдөгү адабий музейлердин бааардыгы тарых музейлериндей эле ачык, урунттуу жерлерде.
Айрым жазуучулардын мааракелери белгиленген менен жазуучулар союзуна, китептерди сатып өткөрүүгө да мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Союздун беш-алты кызматкери бир орустун мындан 130 жыл мурда курулган үйүнүн бурчундагы төрт бөлмөдө тыгылып отурушат.Айтматов борборуна чоңураак жай берилсе, алар ошол жерге жайгашмак, адабий иш чаралар ошерде өткөрүлмөк. Айрым менчик китеп дүкөндөргө чындап атаандаш боло турган китеп борбору да жаралмак. Азыр аларга бир китеп 400 сомдон тапшырылса, дагы 300 сомдон кошуп, өтө эле кымбат кылып салышат. Айтматовдун туулган күнү — улуттук адабияттын күнү. Демек, ага арналган иш чаралар жалпы улуттук адабияттын кызыкчылыктарынын өңүтүнөн да каралуусу зарыл.
Анан агропромдун алдындагы Айтматовдун студентке окшогон эстелигин Айыл чарба академиясынын жанына жылдырып, анын ордуна улуу жазуучунун, улуу ойчулдун жана чоң мамлекеттик ишмердин бейнесин ача турган жаңы эстелик коюу, анын чыныгы Академиялык толук жыйнагын түзүүгө киришүү керек. Мына ушуларды жасабай туруп, жөн эле дүжүр сөздөр айтыла бергендин пайдасы деле жок.
- Шеринеге Рим клубу, Гете институту, Шекспирдин үй музейи, Л.Толстойдун үй музейи, Пушкиндин үйү сыяктуу уюмдардан, дүйнөлүк рейтингдери жогору деп эсептелген университет, колледждердин адабиятчы окумуштуулары, дуйнөлүк ысымдары бар жазуучулар, кинорежиссерлор, постсоветтик мейкиндиктеги чоң окумуштуулар, жазуучу-акындар, чыгармачыл союздардын жетекчилери келишип, мындан ары Айтматовдун чыгармаларын пропагандалап, жайылтуу боюнча тажрыйбаларын, сунуштарын ортого салышса жакшы болмок. Кошуна өлкөлөрдүн андай ишмерлери келишет, анда талаш жок, бирок мааракелик шериненин контингентинин салмагы, таасири баары бир биринчи шериненикине жетишине ишенүү кыйын.
- Мен мааракелик шериненин “галочка” үчүн өткөрүлгөн кезектеги иш чаралардын бири болуп калбоосун каалаймын, андан улуу жазуучунун көп кырдуу мурастарын изилдеп-иликтеп, жайылтууну жаңы деңгээлге чыгаруусун гана күтөмүн.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

