Чолпон-Ата шаарында өткөн үч тараптуу отурумдун жыйынтыгында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан 2025–2026-жылдардын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюшту.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, документ Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча тараптардын милдеттенмелерин аныктайт. Ошондой эле Казакстандын энергетикалык системасы аркылуу Россиядан жана Түркменистандан келген электр энергиясын Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүп берүү шарттары да макулдашылды.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, коңшу мамлекеттер менен кызматташтыкты улантуунун маанисин белгиледи:
“Биз элдерибизди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана аймактагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоо максатында биргелешкен аракеттерди мындан ары да улантабыз. Өзбек жана казак кесиптештерибиз кол коюлган протоколдорго ылайык электр энергиясын берүү графигин так сактайт деп ишенем”, — деди министр.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстан ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протокол да кабыл алынды.

