Бишкекте IV Элдик курултай башталды

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин баштайт. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтө турган курултай эки күнгө созулат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланып келген 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Курултайдын ачылышы мамлекеттик телеканалдар аркылуу саат 10:00дөн тарта түз эфирде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, быйылкы IV Элдик курултай жаңы форматта уюштурулууда. Алгач ирет 24-декабрда драма театрында делегаттар менен министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда делегаттар жазуу жүзүндө же түз суроо берип, тиешелүү жоопторду алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз