Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөнү дүрбөлөңгө салган үч баланын энесинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча катуу жана принципиалдуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, бул каргашалуу окуяны «үй-бүлөлүк чыр-чатак», эмоция, мастык же башка жеке жагдайлар менен актоого эч кандай негиз жок.
«Кечээ бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды терең кайгыруу жана ичиркенүү менен кабыл алды. Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары айтам — мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес», — деди Ташиев.
Ал адамдын өмүрүнө кол салуу кадимки тиричиликтеги уруш эмес, бул түздөн-түз киши өлтүрүү экенин баса белгиледи.
«Аялга, өзгөчө энеге кол көтөрүүнү эч качан актоого болбойт. Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана бул милдетти аткарат. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт», — деди УКМК төрагасы.
Анын маалыматына караганда, учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жазага тартылат.
«Бул чечим отчёт үчүн эмес, адилеттүүлүк жана жарандардын коопсуздугу үчүн кабыл алынган принципиалдуу позиция. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында», — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле ал каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.


