Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-декабрында Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго заводдун долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн билдирди.
Ишкана 43 гектар аянтты ээлейт жана ишке киргизүү 2027-жылга пландалган. Курулуш учурунда 300дөн ашык жумушчу тартылса, завод ишке киргенден кийин 500дөн ашык жумушчу орундары түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров заводдун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.


