Москванын түштүгүндөгү жардыруу теракт катары бааланды

Москва шаарынын түштүк бөлүгүндө эртең менен болгон автоунаа жардыруудан каза тапкандардын саны үчкө жетти. Курман болгондордун экөө – полиция кызматкерлери, үчүнчүсү жардырууну уюштурган адам экени маалымдалды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, жардыруу полициянын кызматтык автоунаасына коюлган жардыргыч заттын айынан болгон. Окуя теракт катары бааланып, прокуратура жана тиешелүү органдар иликтөө иштерин баштады.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, түн ичинде Елецкая көчөсүндө эки полиция лейтенанты кызматтык унаанын жанынан шектүү адамды байкап калышкан. Аны текшерүү жана кармоо максатында жакындашкан учурда жардыруу болгон. Натыйжада эки полиция кызматкери жана алардын жанында турган жаран алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, колго жасалган жардыргыч зат жол кайгуул кызматынын автоунаасынын алдынан, айдоочуга жакын жүргүнчү тарабында бекитилген. Учурда жардыруу механизминин кандайча ишке киргизилгени такталууда.

Белгилей кетсек, бул окуядан эки күн мурда ушул эле аймакка жакын жерде магниттик бомбанын жарылуусунан Россия армиясынын генералы каза болгон. Акыркы күндөрү жогорку кызматтагы аткаминерлерге жана аскер өкүлдөрүнө каршы жасалган кол салуулар коопсуздук маселесин кайрадан курчутууда.

Окуя боюнча полиция кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери менен кылмыш иши козголду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз