Түндүк Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндары Милано–Кортина 2026 өлкө экономикасына 5,3 млрд евро көлөмүндө пайда алып келери күтүлүүдө. Анын 2,3 млрд евросу туристтик сектордон түшөрү болжолдонууда.
Оюндар Милан, Кортина-д’Ампеццо, Верона, Вальтеллина жана Валь-ди-Фьемме аймактарында өтүп, Италияны альп туризминин жана маданиятынын ири борбору катары даңазалоодо. Уюштуруучулар 2,5 млн көрүүчү келет деп күтүп жатышат.
Маалыматка ылайык, 3 млрд евро спорттук жана жарандык инфраструктурага жумшалат. Жалпы чыгым 5,7–5,9 млрд еврону түзүп, бул Италиянын ИДПсынын болжол менен 0,3%ына барабар.
Эксперттердин айтымында, туристтердин агымы 2026-жылы 66 млн адамга жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда кышкы Олимпиаданын экономикалык таасири жайкы оюндарга салыштырмалуу төмөн болору белгиленүүдө.
Адистер Олимпиададан кийинки мезгилде да жаңыланган транспорттук система жана инфраструктура өлкө үчүн узак мөөнөттүү пайда алып келерин белгилешүүдө.

