Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨКМ эки тик учак сатып алат

ӨКМ эки тик учак сатып алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алууну карап жатат. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын арттырып, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарга гуманитардык жана материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүүнү жеңилдетет.

Учурда министрликтин карамагында үч аскердик тик учак бар.

“Акыркы беш жылда министрлик 7 млрд сомдон ашык каражатка 670 даана техника сатып алган. Эми дагы эки тик учак алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, — деди ал.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар