Башкы беткеМаанилүүКыргызча өзгөчө жакшы көргөн чыгармам – «Күйдүм чок»

Кыргызча өзгөчө жакшы көргөн чыгармам – «Күйдүм чок»

Ал эми 23-июлда Ысык-Көлдө дүйнөгө белгилүү ырчы Димаш Кудайберген  медиа өкүлдөрү менен жолугуп, суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйында Димаш кыргыз элинин чыгармачылыкка болгон шык-жөндөмүн, улуттук музыкалык мурасын жогору бааларын белгиледи. Ал жүрөгүнө эң жакын кыргыз ырын атап:

“Кыргызча менин өзгөчө жакшы көргөн чыгармам – «Күйдүм чок». Ал керемет ыр!” – деп суктануусун билдирди.

“Кыргыздын өтө таланттуу калк экенин билем. Ошондой эле кыргыздын байыртан бери келе жаткан чыгармалары менен жакшы таанышмын. Чыгармачылык жолдо жүргөндүктөн бардык жактан кабардар болууга тырышам», – деп кошумчалады дүйнөлүк ырчы.

Ал ошондой эле өзүнүн чыгармачылык жолунда «Мейкин Азия» фестивалы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп өттү:

“Дүйнө жылдызы болуума “Мейкин Азия” фестивалынын орду чоң. Бир катар эл аралык фестивалдарга катыштым. Бирок алардын ичинен “Мейкин Азия” өзгөчө мааниге ээ. Азыркы Димаш Кудайбергендин өзүнө болгон ишенимин арттыруусунда ушул фестивалдын ролу абдан чоң. 18 жашымда ушул сахнага чыгып, колдоо тапканыма ыраазымын. Ошол кезде мага ишенип, колдогон кыргыз элине, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем”, – деди Димаш Кудайберген.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар