30-июндан 9-июлга чейин дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн чогулган 35 журналист Жуңго Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү, Кашкар, Турпан шаарларында болуп, эски шаарларынын урандыларын тарыхый эстеликке айланткан ажайып жайлары, миң кылым карыткан үңкүрлөрү, улуттук аспаптар айылдары, улуттук этнографиялык музейлери, шалы, пахта талаалары, заманбап индустриалдык жана биотехникалык, интеллектуалдык техникалар компанияларынын ишмердиги менен таанышып кайтышты.
Алардын катарында сиздердин сүйүктүү «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таштаналиев да болду. Анда кеп кабарчыбызда.
Ярлу үңкүрлөрү


Ярлу үңкүрлөрү Турпан шаарынын чет жакасында, байыркы Жибек жолунун боюнда жайгашкан. Бул үңкүрлөр буддисттик монастырлардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Болжол менен IV–IX кылымдарда курулган.
Үңкүрлөрдүн ичиндеги дубалдагы сүрөттөр жана статуэткалар – ошол доордогу искусствонун үлгүлөрүн эске салат. Эгер кокус кыялкеч болсоңуз, анда дубалдын шыбындагы боегу оңуп бараткан сүрөттөр мына-мына сүйлөп ийчүдөй турганын байкасыз. Кайдыгер киши карайт да өтүп кете берет.
Айтымда, көптөгөн үңкүрлөр убагында медитация, намаз окуу, же монастырдык жашоо үчүн пайдаланылган. Дубалдын ичин оюп жасалган секичелер мына ошондон кабар берет.
Дубалдагы сүрөттөрдө Будда, бодхисаттвалар, жана легендарлуу окуялар сүрөттөлгөн. Үңкүрлөр тик жардын боорунан оюлуп жасалган.
Ярлуу үңкүрлөрүнө баратканда сай бойлоп, дарыянын жээги менен жүрүп отурасыз. Мага бул коо негедир Нылды Ата тоосундагы сайды элестетти. Нылды-Ата тоосунун баш жагындагы шаркыратмага бараткан жолдун эки тарабы да ушул сыяктуу типтик жар. Жардын күңгөй бетинде болсо үңкүрлөр бар. Нылды Атадагы үңкүрлөрдүн айырмасы алар Ярлуу үңкүрлөрүнө окшоп, адам өз колу менен жар боорунан оюп жасаган эмес, жаратылыш өзү жасаган үңкүрлөр.
Үңкүрлөр демекчи, алар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, өзүнөн өзү, тек жеринен эле пайда болуп калбайт жана ар кандай кызмат аткарышат. Минтип ыйык жайга айлангандары аз эмес.
Тибетте тарыхый жана руханий жактан маанилүү болгон буддисттик үңкүр комплекси көп. Алар Тибет цивилизациясынын башаты болуп эсептелет.
Биз барган Ярлу үңкүрлөрү да буддисттер үчүн ыйык жайлардын бири болгону жана медитация үчүн колдонулганы, кийин гана кароосуз калып, акыркы жылдары аны ачык асман астындагы музей катары иретке келтирип, тепкичтер аркылуу жол жасаганы көрүнүп турат.
Жяохэ урандылары
Турпан шаарынан болжол менен 10 чакырым алыстыкта, Ярлу үңкүрлөрүнөн көп алыс эмес Жяохэ шаарынын урандылары орун алган. 2000 жылдан ашуун тарыхы бар байыркы шаар азыр туристтер үзүлбөгөн асман алдындагы музейге айланган.
Жяохэ байыркы Жибек жолу доорунда чоң соода жана маданий борбор болгон. Шаар IV кылымдан XIII кылымга чейин гүлдөп-өсүп турган. Моңголдордун чабуулунан кийин шаар кыйрап, мезгил өтө, жамгыр менен карга эзилип, сууктан, шамалдан бүлүнүп, өзүнүн шаар кейпин жогото баштап, качан гана кайрадан адам колу тийгенде, минтип туристтер көп келген жерге айланган.
Шаар табигый тегиздикте, экиге айрылып аккан суунун ортосундагы 30 метр бийиктиктеги жардын үстүндө жайгашкан. Жар шаардын дубалы катары кызмат кылган. Жар үстүндөгү шаарга чыгыш үчүн итапкан өйдө басасың. Жар боорун оюлуп салынган үйлөрдүн жүлдөрү, бөлмөлөр, айрым жерлердеги кууш көчөлөр, жардын үстүнө согулган коргонуу дубалдары бул жерде качандыр бир чоң шаар болгонунан кабар берет.
Турпанда күн аябай ысык болгондуктан, туристтер үчүн экскурсиялар кечки убактарда уюшулат өңдөнөт. Шаардын урандыларында, атайын жерден бийик көтөрүлгөн секичелерде туруп, батып бараткан күндү узатуу өтө символикалуу.
Шаар урандылары жарыктандыруучу системалар менен жабдылып, түнкүсүн да көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүптүр. Түнкү караңгылыкта шаар көчөсүн аралап баратып түрдүү ойлор келет.
Айтымда, Жяохэ UNESCO дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Турпандагы эң белгилүү археологиялык жайлардын бири.
Эки дарыянын ортосунда жайгашкан бул шаар стратегиялык коргонуу маанисине ээ болгон. Жерден казылып жасалган имараттар – үйлөр, ибадатканалар, корголгон дубалдар, көчөлөр — бүтүндөй шаар жердин үстүндө эмес, ичине карай курулган. Көчөлөр — борбордук көчөлөр эки тараптуу тармакталган, кытай стилиндеги шаар пландоосуна дал келет. Буддисттик храмдар жана монастырлар — Жяохэ буддизмдин Түндүк Жибек жолунда жайылышына чоң салым кошкон.
Жяохэ шаары Турфан падышалыгынын (IV–IX кк.) борбору болгон. Шаар буддизмдин жайылышында жана Жибек жолу соодасында маанилүү ролду ойногон. Моңголдордун басып кирүүсүнөн кийин шаар XIII к. толук ташталган.
Караж (“Карэз”)


Караж же Карез — бул жер астындагы суу каналдарынын системасы. Чөлдүү жана кургак аймактарда суу жеткирүү үчүн колдонулган эң байыркы инженердик ыкмалардын бири. Башаты тоолордон башталып, тоо этектеринен чыккан жер астындагы суулар каналдар аркылуу айыл-кыштактарга, бактарга жеткирилген. Бүгүн бул жай да туристтер үзүлбөгөн маданий паркка айланган.
Биз Турпандагы Караж же Карез маданий паркынан жер астындагы туннелдерге түшүп, карез кантип иштегенин көрүп, суусуна бетибизди чайкадык. Андагы тарыхый макет жана музей – карездин байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсүнөн кабар берет.
Суу чыгаруу ыкмалары, кудуктар жана колдонулган шаймандар — жергиликтүү турмуштан, турпандык дыйкандар кантип суу пайдаланышканынын элесин чагылдырат.
Турпандын климаты кургак, ысык (айрым учурда +45°C чейин жетет) болгондуктан, мындай шартта жашоо үчүн сугат системалары өтө маанилүү болгон. Мен билгенден караж же карез ыкмасы илгерки мезгилдерде Иранда да кеңири колдонулган. Бул кургак климат жана күндүн ысык шартында жер асты менен суу апкелүү же жеткирүү өтө маанилүү болгон. Биринчиден, суу коромжуга учураган эмес. Экинчиден, суу өзүнүн касиетин жоготпостон, муздак агып келип, суусаган адамдын суусунун тып баскан.
Карез системасы адамзат тарыхындагы эң улуу гидротехникалык табылгалардын бири болуп саналат. Бул система гравитацияга негизделип, суу насоссуз эле агып келинет.
Карез маданий паркы — Турпандагы эң уникалдуу туристтик жайлардын бири. Ал байыркы сугат илимин түшүндүрөт.
Чоң базар…
Үрүмчүдөгү Эл аралык чоң базар — Шинжаңдын маданиятын, соодасын жана кооздугун бир жерге топтогон эң ири жана кооз этнографиялык базарлардын бири. 2003-жылы ачылган. Уйгур стилиндеги ислам архитектурасы тибинде курулган. Кашкар базарындай эле, бул жерден да уйгур кийим-кечелерин, түстүү чапандарды, колдон жасалган зер буюмдарды, керамикаларды, кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, татымалдарды, уйгур музыкалык аспаптарын (чанг, дап, сатар ж.б.), жыпар жыттуу майларды, хна, жыпар жыттуу шамдарды, нан, лагман, шиш-кебаб, уйгур чайы сыяктуу продукцияларды таба аласыз.


Бул жерде туристтер үчүн: уйгур бийлери жана жандуу музыка жаңырат. Уйгур үйү стилиндеги сүрөткө түшүү бурчтары бар. Туристтерге уйгур ашканасынан тамактар сунушталат. Базардын кире беришинен кооз мечит орун алган, мындан сырткары чакан музейлер бар.
Базарда алуучудан сатуучу, сатуучудан алуучу, алуучудан да турист көп. Бир карасаң, бүтүндөй эле Үрүмчү базарда жүргөндөй сезилет. Сыягы, мында соода кылуу үчүн эле келишпейт окшойт. Жөн гана эс алып кеткени келишкендей таасир калтырат. Базардын ар кайсы жерлеринде театрлаштырылган оюндар көрсөтүлүп, аны тегеректеп эле жардаган адамдар.
Биз базарга кечки саат 8дерде барды элек, ошондо деле эл көп экен. Базардагы ар кандай кооз буюмдарды саткан сатуучулар дүкөндөрүн эми гана жаңы ачып, иш баштагандай жүздөрүнөн күлкү тамат.
Уюштуруучулар бизди базардын кире беришиндеги кафелердин биринде түнкү 11лерге чейин сыйлашты эле, сыртка чыксак, базарга оюн-шоок көргөнгө келген үрүмчүлүктөр жана туристтер али тарашпаптыр. Конок койдон жоош деп, “Кунлун” отелине кете бердик.
Шинжаң аймактык музейи
Биз барганда Шинжаң аймактык музейинин алдында киши көп. Оболу алар эмнеге топтолуп турганын түшүнө алган жокпуз. Биздин аң-таң калганыбызды айттырбай түшүндү окшойт, биздин котормочубуз Ван Яньли айым күлүп: “Бизде музейлер – эл эң көп келген жайлар. Албетте, арасында туристтери да болот. Бирок негизинен Үрүмчү шаарынын тургундары балдарын ээрчитип алышып, өзү жашаган аймактын тарыхы менен тааныштырып кеткени да көп келишет. Азыр каникул убагы болгондуктан, балдар-кыздардын көптүгү ошондон. Жылдын кайсы мезгили болбосун, күн сайын кайсы музей, кайсы парк болбосун адамдар үзүлбөйт” деп түшүндүрдү.
Ван Яньли айымдын айтканында калет жок эле. Музейге кирген туристтер гид кай жакка басса, артынан ээрчип ошол жакка басышса, балдарын ээрчиткен ата-энелер музейдеги ар бир экспонаттын алдында туруп, балдарына алда немелерди айтып жатканын көрөсүң.

Үрүмчү шаарында жайгашкан бул музей – Шинжаңдын тарыхын, маданиятын жана этнографиясын чагылдырган негизги музей. Музейдеги 50 миңден ашуун экспонаттар көбүнчө Шинжаңдын байыркы цивилизацияларынан, археологиялык табылгалардан жана этникалык топтордун салт-санааларынан турат. Анын ичинде байыркы мумиялар, байыркы Жибек жолу боюнча табылган археологиялык буюмдар, Будда искусствосуна жана буддизмге байланышкан фрескалар, айкелдерди көрө аласыз. Бул музейдеги мумиялар дүйнө жүзүнө белгилүү, алар эң жакшы сакталып калган жана 4000 жылга чейинки тарыхы бар. Музейде байыркы текстилдер, керамика, куралдар, ошондой эле уйгур, казак, кыргыз жана башка этностордун маданий экспонаттары да коюлган.
Музейде Тарым өрөөнүндө табылган байыркы муундар, кол жазмалар, көмүлгөн буюмдар сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги археологиялык табылгалар коюлган деп тааныштырды бизге гид.
Анда тарыхтын ар кандай этаптарында Шинжаң аймагында жашаган элдердин маданияты, тарыхый доорлор чагылдырылган.
Шинжаң музейи аймактын байыркы цивилизациялары жана маданияты, жашоо образы, соода, кол өнөрчүлүк жөнүндө көп маалымат берет. Ал эл аралык туристтердин жана илимий изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун жаратат.
Мукам ансамбли
Мукам — уйгур музыкасынын эң чоң жана татаал формаларынын бири болуп, ал Шинжаң аймагында мурунтан келе жаткан салттуу музыкалык жана вокалдык өнөрдү чагылдырса, Шинжаң искусство театрынын Мукам ансамбли — бул ушул салттуу өнөрдү сактап, өнүктүрүп, эл аралык деңгээлде таанытуучу профессионалдуу чыгармачыл топ.

Дүйнөлүк маданияттын уникалдуу мурасы болгон Мукам — музыкалык, вокалдык, поэтикалык жана драмалык элементтерди бириктирген эпикалык өнөр. Ал — уйгурлардын музыка, поэзия жана театр чөйрөсүндөгү эң маанилүү мурастарынын бири. Мукам — бул вокалдык-музыкалык чыгарма, адатта узак убакытка созулат жана поэзия, ритм, бий жана окуя айтуу элементтерин камтыйт.
Мукамда дутар, рабаб, дап жана башка көптөгөн улуттук аспаптар колдонулат. Мукам бир нече бөлүктөн турат, ар бири ар кандай ритм, темп жана мааниге ээ.
2005-жылы ЮНЕСКО Мукамды адамзаттын оозеки жана нематериалдык маданий мурастарынын тизмесине киргизген.
Шинжаң искусство театрынын Мукам ансамбли кесипкөй музыканттардан жана ырчылардан турат, алар Мукамды так жана артисттик деңгээлде аткарышат. Ансамбль Шинжаңдагы жана эл аралык театрларда, фестивалдарда, маданий иш-чараларда чыгышат. Алар Мукамдын улуттук маанисин сактап, заманбап аудиторияларга жеткирүүгө умтулушат. Ансамблдин чыгармачылыгында кээде заманбап музыкалык элементтер да кошулуп, Мукамдын жаңылануусуна шарт түзүлөт.
Мукам ансамбли Шинжаңдын маданий символдорунун бири катары кабыл алынат. Алардын көрсөтүүлөрү уйгур элинин маданиятын, тарыхын жана музыканын терең туюмун элге жеткирүүдө чоң роль ойнойт. Ансамблдин профессионалдуу деңгээли жана музыкалык чыгармачылыгы көп улуттуу Жуңгодо жана дүйнөдө абдан жогору бааланат.
Абдурахман Окиз — Мукам искусствосунун улуу устаты жана уйгур музыкалык маданиятынын символу катары таанымал. Алдыңкы мукамчы катары ал өзүнүн чыгармачылыгы жана изилдөөлөрү аркылуу бул уникалдуу музыкалык жанрды дүйнөгө тааныткан.
Ал Шинжаң аймагында туулган жана өмүр бою мукамды изилдөө жана аткаруу менен алектенген. Мукамды сактап калууга чоң салым кошуп, бул музыкалык өнөрдү дүйнөлүк маданий мурастардын катарына киргизүүгө көмөктөшкөн.
“Шинжаң Батыш Жаз” сүт компаниясында
Бул компания Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун Хутуби уездинде жайгашкан. Чанцзи округуна карайт. 1985-жылы негизделген. 2005-жылы «Батыш Жаз» брендин алган.
Ири сүт өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкана. Өндүрүшү толук автоматташкан, заманбап технологиялар колдонулат. Жалпысынан 25 000ден ашуун ую бар. Күнүнө сүт өндүрүү кубаттуулугу – 700 тонна.
Мал чарбасында «акылдуу технологиялар» колдонулат: Уйларга сенсор орнотулуп, ал кыймылын, ден соолугун көзөмөлдөп турат. Тамак берүү, саап алуу – автоматташтырылган.
Негизги продукциялары: жаңы пастерленген сүт, стерилденген сүт (узак сакталат), йогурт, айран, ширелүү сүттөр, сүт порошогу, балдар үчүн сүттөр. Жалпы 70тен ашык продукция түрү чыгат.
Бул компания сүттөн дагы эмне жасайт экен дебейсиздерби. Сүт пивосун. Эми бул пивону ичкен да арманда , ичпеген да арманда.
“Батыш Жаздын” продуктылары негизинен Шинжаң аймагына, Пекин, Шанхай, Ухань ж.б. шаарларына таркалат.
Айтымда, «Экинчи чоң өнүгүү» аттуу стратегия ишке ашырылып, илимий-изилдөө борбору курулууда. Жаңы цехтер, заманбап технологиялар кошулууда. Алдыга койгон максаты – Кытайдагы эң алдыңкы сүт бренди болуу.
Пахта талаасында: дрондор
Пахта талаасы – Шинжаңдын Чанцзи округунун Хутуби уездинин Дафэн шаарчасындагы Лянфэн айылында.
Шинжаң – Жуңгодогу эң ири пахта өндүрүүчү регион, дүйнөдөгү пахтанын ~20%ы ушул аймакта өндүрүлөт. Пахта өстүргөн Хутуби жана ага жакын аймактарда автоматташтырылган пахта өстүрүү системаларын колдонушат (дрондор, техника, суу үнөмдөөчү системалар).
Заманбап эң алдыңкы технологиялар – «Так-айдоо» технологиялары пайдаланылып, пахта GPS аркылуу чачылып, сугарылат жана жыйналат. Илимий агрономиялык методдор, пахтанын сорттору боюнча тынымсыз изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Бизде пахтаны кантип өстүрөт өз көзүм менен көргөн эмесмин, а Шинжаңдын пахта талааларында дрондор кызмат кылышат экен. Карап отуруп, кошуналардын алда канча өнүгүп кеткенин көрүп, биз качан ушинтип өнүгөбүз деген ой кылт этпей койбойт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

