Борбор калаада дарактарды сугаруунун жаңы ыкмасы ишке кирди. «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы сууну жай чыгаруу менен сугаруучу атайын каптарды колдонуп баштады. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, система дарактардын тамырын натыйжалуу нымдаштырууга шарт түзөт, айрыкча борборлоштурулган сугаруу жок же кыйын болгон жерлерде пайдалуу. Ар бир кап 50 литрге чейин суу сактап, аны сутка ичинде акырындык менен топуракка берет.
Пилоттук долбоордун алкагында 2 миңге жакын баштык сатып алынып, шаардын көйгөйлүү аймактарына орнотулду. Жаңы технология сууну үнөмдөйт, ашыкча сугарууну жоюп, бак-дарактардын сакталуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле адамдын катышуусуз автоматтык сугарууну камсыздайт жана алыскы аймактар үчүн ыңгайлуу.