Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Кара-Кыргыз": алгачкы тарыхый сериал тартылууда

«Кара-Кыргыз»: алгачкы тарыхый сериал тартылууда

Кыргызстандын тарыхында алгач ирет кең форматта тарыхый сериал тартылып баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссёру Сүйүн Откеев маалымат берди.

“Кара-Кыргыз” деп аталган бул көп бөлүмдүү тасмада 1917-жылдардагы татаал тарыхый окуялар — үркүн, саясий күрөш жана советтик репрессиялар чагылдырылат. Сюжет беш залкар инсандын — Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыковдун өмүр жолу аркылуу баяндалат.

Аталган тарыхый сериалды “Кыргыз сериал” жана “Арна продакш” студиялары тартууда. Режиссёр Сүйүн Откеевдин айтымында, бул чыгарма кыргыз элинин эгемендүүлүккө болгон узак жана оор жолун чагылдырууну, жаңы муунга улуттук баалуулуктарды жана тарыхый аң-сезимди жеткирүүнү максат кылат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар