Башкы беткеЖогорку КеңешДепутаттарга кайрадан кызматтык автоунаа берилет

Депутаттарга кайрадан кызматтык автоунаа берилет

Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кызматтык автоунаа айдашат. Садыр Жапаров февралдын башында парламент кабыл алган мыйзам долбооруна кол койду.

Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кызматтык унаалар депутаттардын эффективдүү иштеши үчүн зарыл экенин билдирген. Депутаттар иш-чараларга катышып, ошондой эле аймактардагы көйгөйлөр менен таанышышы керек деп белгилеген ал.

Парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттары бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында кызматтык унаалардан баш тартышкан. 2022-жылы унаалар аял депутаттарга гана берилген.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар