Германия Федеративдүү Республикасында жүргөн расмий сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар менен бирге ал жакта окуп, иштеп жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.
Жолугушууда миграция, социалдык шарттар жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жакшыртуу маселелери талкууланды. Мекендештер өз сунуш-пикирлерин айтып, айрыкча визалык жол-жоболорду жеңилдетүү зарылдыгын белгилешти.
Марлен Маматалиев сапардын негизги максаты эки тараптуу кызматташууну бекемдөө экенин айтып, Германиядагы кыргызстандыктарды кесиптик окутуу, ишке орноштуруу жана алардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар жетишилгенин билдирди. Ошондой эле ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чыгаруу органынын көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Жолугушууда маданий баалуулуктарды сактоо маселеси да көтөрүлүп, мекендештер Германияда кыргыз боз үйүн тигүү үчүн көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Төрага бул сунушту колдоп, резервдик фонддон каражат бөлүп, боз үй белек кыларын жана аны 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө тиктирип берерин убадалады.
Мындан тышкары, айрым мекендештер Кыргызстанга инвестиция тартууга даяр экенин билдиришсе, дагы бир бөлүгү Европадагы кыргызстандыктар үчүн атайын кызматташуу аянтчасын түзүү сунушун көтөрүштү.
Жыйынтыгында катышуучулар мындай жолугушууларды расмий сапарлардын туруктуу бөлүгүнө айлантуу зарылдыгын белгилеп, өкүлдөргө ыраазычылык билдиришти.