Башкы беткеЖогорку КеңешМарлен Маматалиев Германияга расмий сапар менен барды

Марлен Маматалиев Германияга расмий сапар менен барды

17-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германияга расмий сапар менен барды.

Сапардын алкагында ал өлкөнүн парламентинин Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер менен жолугушту. Тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Марлен Маматалиев Кыргызстан Германия менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бул өлкөнүн Европа Биримдигиндеги жана дүйнөлүк саясаттагы орду маанилүү экенин айтты. Анын айтымында, парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Төрага Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында аял депутаттардын үлүшү 30 пайыздан ашканын белгиледи. Ал мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу, жоопкерчиликти күчөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Маматалиев Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин айтып, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, салык системасы модернизацияланып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, ал парламенттик дипломатиянын маанисине токтолуп, депутаттык достук топтору жана комитеттер деңгээлиндеги кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле Юлия Клёкнерди Бишкек шаарына расмий сапар менен келүүгө чакырды. Жолугушууда кыргызстандык жарандарды Бундестагдын парламенттик стипендиялык программасына кошуу сунушу да айтылды. Мындан тышкары, Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк тууралуу макулдашууну жана эмгек мигранттары үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган келишимдерди ратификациялоо маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Юлия Клёкнер бул сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берерин белгилеп, саясий-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана соода жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин делегациясы Бундестагдын имараты менен таанышып, жыйындар залына барды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар