Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Манас” аэропортунда жаңы телескоптук трап орнотулду

“Манас” аэропортунда жаңы телескоптук трап орнотулду

“Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу максатында үчүнчү телескоптук трап ишке киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы жабдуу учакка отуруу жана түшүү процессин жеңилдетип, өзгөчө каттамдар бир убакта келген учурларда тейлөөнүн ылдамдыгын арттырууга көмөктөшөт. Аэропорттун администрациясы бул кадам жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Муну менен катар, телескоптук трапты орнотуу — инфраструктураны модернизациялоонун жана жалпы авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин көтөрүүнүн маанилүү бөлүгү катары каралууда.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар