whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомФерганада 30дан ашуун келишим түзүлгөн эл аралык бизнес-форум өттү

Ферганада 30дан ашуун келишим түзүлгөн эл аралык бизнес-форум өттү

Фергана облусунун Учкуприк районунда «Фергана – бизнес жана инвестициялар борбору» деген темада эл аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу облус акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, ошондой эле Азербайжан, Түркия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерден 200дөн ашуун ишкерлер катышты. Кыргызстандын делегациясын Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияc Ташбаев жетектеди.

Катышуучуларга Фергана облусунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, аймактын инвестициялык жана экспорттук потенциалы, анын ичинде эркин экономикалык жана чакан өнөр жай зоналары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Форумда сөз сүйлөгөн Илияc Ташбаев мындай иш-чаралар үч мамлекеттин ортосундагы өз ара ишенимди, кызматташтыкты жана экономикалык байланыштарды чыңдоодо зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул максатта B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, соода жана өндүрүш тармактары боюнча маанилүү келишимдерге жетишилди. Жалпысынан 30дан ашуун кызматташтык келишимдери түзүлдү.

Форумдун жыйынтыгында Ош жана Фергана облустарынын, ошондой эле Учкуприк району менен Согд облусунун ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду. Ошондой эле мындан ары ушундай форматтагы иш-чараларды жыл сайын өткөрүп туруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү Кожент шаарында өткөн үч тараптуу жолугушууда — президент Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иштиктүү кызматташтыктын негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилешкен.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар